Көк-бөрү. Архивдик сүрөт

Дүңгүрөгөн ачылыш болбойт. Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарынын программасы

1975
(жаңыланган 10:19 12.09.2019)
Улуттук көчмөндөр оюндары расмий ачылышы жок спорттук иш-чаралар менен башталат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Талас облусунда өтчү Улуттук көчмөндөр оюндары дароо эле спорттук оюндар менен башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов билдирди.

Эскерте кетсек, иш-чара 16-21-сентябрга чейин өтөрү айтылган.

Жамангуловдун айтымында, оюндардын ачылыш жана жабылыш аземи бир эле күндө өтөт.

"16-сентябрда спорттук оюндар башталат. 19-сентябрда "Манас Ордо" комплексинде маданий иш-чаралар өтөт. 21-сентябрды расмий күн деп жатабыз, ачылыш-жабылыш аземдери бир күндө эле болот", — деди Жамангулов.

Ал ортодо Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги спорттук иш-чаралардын программасын даярдаган.

Ага ылайык, Улуттук көчмөндөр оюндары көк бөрү боюнча мелдештерден башталып, улакчылар күн сайын Райкан Алканов атындагы ат майданда таймашат.

18-сентябрдан тартып оюндар бүткөнгө чейин ордочулар күч сынашат.

Ал эми Талас шаардык окуу интернатында тогуз коргоолчулардын жарышы өтөт.

Кыргыз күрөш 20-сентябрда башталып, жеңүүчүлөр ошол эле күнү сыйланышат.

Көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш, салбуурун, ордо оюндары боюнча финалдык мелдештер 21-сентябрга белгиленген.

Алыш белбоо күрөшү боюнча балбандарды сыйлоо аземи "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

1975
Белгилер:
мелдеш, спорт, Улуттук көчмөндөр оюндары, Талас облусу
Тема боюнча
Арпачиев: Көчмөндөр оюндарына эки шаар, жети облустун командалары катышат
Жаңы ипподром, этнофестиваль, спорттун 10 түрү. Көчмөндөр оюнуна даярдык күч
Иманалиев: Көчмөндөр оюндарынын максаты — элди биримдикке чакыруу
Дары алып бараткан медиктер. Архивдик сүрөт

Коронавирустан бир күндө 75 адам сакайып чыкты

2
(жаңыланган 10:05 16.07.2020)
Кыргызстандын бардык аймактарында илдеттен айыккандар бар. Алардын кайталап алынагн анализи таза чыккан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан 75 адам айыгып чыкканын брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

2
Белгилер:
брифинг, айыгуу, бейтап, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирустан бир күндө 11 кыргызстандык кайтыш болду. Бирөө медик
Инструмент стоматолога и зуб. Архивное фото

Украина: түз эфирде маңдайкы тиши түшүп калган диктор кыздын видеосу

35
Кадрдан диктор сүйлөп жатканда маңдайкы тиши түшүп кеткенде, аны колу менен акырын алып, андан ары берүүсүн улантып кеткенин көрүүгө болот.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Украинанын "1+1" телеканалында жаңылыктарды окуп жаткан Маричка Падалконун алдыңкы бир тиши түшүп кетип, бирок сыр бербей абалдан чыгып кеткенин РИА Новости жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 𝓔𝓴𝓾𝓵𝔂𝓪🐾 (@ekulka)

Анын бул учурун көрүүчүлөр социалдык тармактарга жүктөшкөн. Кадрдан ал сүйлөп жатканда маңдайкы тиши түшүп калганын көрүүгө болот. Алып баруучу аны колу менен акырын алып, андан ары берүүсүн улантып кеткен. Бир канча секунддан кийин эреже боюнча сюжетти көрсөтүүгө өтүшкөн.

Телестудияга кирип келген бөбөк алып баруучу энесинин шаштысын кетирди. Видео

Соцтармак колдонуучулары анын сабырдуулугуна баа беришкен.

Көп өтпөй алып баруучу өзү Instagram аркылуу кайрылып жасап, учурда тиш доктурга барып жатканын айткан. Гиперссылка ---https://www.instagram.com/p/CCqr6gsJ-1_/

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Марічка Падалко (@marichkapadalko)

Бирок ал дарыгердин катуу нерселерди азырынча тиштебей тур дегенин укпай койгону үчүн түз эфирде ыңгайсыз абалга кабылганын айтып, бир четинен бул окуя аны таанымал кылгандыгын моюндаган.

35
Белгилер:
видео, тиш, алып баруучу, диктор, Украина