Сотрудники правоохранительных органов в селе Кой-Таш во время спецопрации по задержанию бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева

Кой-Таш окуясы: мамкомиссия Асанов менен Жээнбековдун пикирин билгиси келет

299
(жаңыланган 10:48 12.09.2019)
Мамлекеттик комиссия Кой-Таштагы окуя тууралуу маалымат алыш үчүн кийинки жыйынга депутат Асель Кодуранованы да чакырды.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, эки жумушчу топ түзүлдү.

Кой-Таш айылындагы окуяга катышы барларды жана себебин иликтеп-изилдөө тобуна Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Батырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиевдер кирген.

Ал эми болуп өткөн окуялардын анализин даярдоо тобунда Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараевдер бар.

Комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Орозбек Опумбаевдин маалыматтарын угушту.

Кийинки жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылды.

299
Белгилер:
жыйын, комиссия, Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (152)
Тема боюнча
Камактагы Атамбаев УКМК терезесинен тарапташтарына кол булгалады. Видео, сүрөт
Адвокат: Атамбаевдин 28 томдук иши менен 5 күндө таанышууга мажбурлап жатышат