Өкмөт жетим-жесирлерди үй менен камсыздоону көздөп, акча издеп жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү орчундуу маселелердин бири — ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар жана калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Калктын аярлуу катмары үчүн адистештирилген турак жай фондун түзүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда эң орчундуу маселелердин бири — ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар жана калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу.

Алдын ала эсеп боюнча майыптарды үй менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча 20,0 миллиард сом табуу керек экени айтылды.

"Өлкө боюнча ата-энесинен кароосуз калган бир нече миң бала бар, алардын бир бөлүгү томолой жетимдер. Бул балдардын көпчүлүгү окуусун бүткөндөн кийин дээрлик жашай турган жери жок калат. Мыйзам боюнча турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда кезекке турбай эле үй алса болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Госипотека в КР - Sputnik Кыргызстан
Үйлүү болуунун дагы бир жолу. МИК жаңы механизмди түшүндүрүп берди
Адистештирилген турак жай фонду ушул сыяктуу маселелерди чечүү үчүн түзүлгөнү жатат. Бул фондго миниципалдык ишканаларга соттук чечим менен өткөрүлгөн турак жайлардын киргизилиши дагы күтүлүүдө.

Ушул тапта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу мамлекеттик адистештирилген турак жай фондуна үйлөрдү өткөрүп берүү боюнча жобонун долбоору даярдалып бүттү. Анда аталган фонд турак жайды кантип колдонору, жарандар арасында кандайча бөлүштүрүлөрү каралган.

Азыр жобонун долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосунан өтүүдө, ошондой эле коомдук талкууга чыгарылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0