Москванын өкмөт башчысы ал жактагы кыргызстандыктар тууралуу айтып берди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМосква. Архив
Москва. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Черемин Бишкектеги жыйынга катышууда.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Москвада жашаган кыргызстандыктар тууралуу Тышкы экономика жана эл аралык байланыш департаментинин жетекчиси, Москва өкмөтүнүн министри Сергей Черемин айтып берди.

Ал Москва күндөрүнүн алкагында өткөрүлүп жаткан Инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча экономикалык конференцияда сүйлөдү.

"Бүгүн кыргыз диаспорасы шаардын ар кандай социалдык жана маданий долбоорунда маанилүү роль ойнойт. Алардын көбү жогорку технологиялуу ишкерликте эмгектенет", — деген Черемин.

На месте ДТП с пассажирским автобусом в Перми - Sputnik Кыргызстан
Калтырап кеттим. Пермде кырсыктаган автобустан элди алып чыккан кыргыз таксист
Ал белгилегендей, эки өлкөнүн кызматташтыгы тез өнүгүүдө. Айтымында, Москва Бишкек менен маалыматтык технологиялар жаатында тажрыйба алмашууга даяр.

Конференциянын катышуучулары эки шаардын экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыгынын потенциалы, Акылдуу калааны түзүү, транспорт инфраструктурасы жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү программасы тууралуу талкуулашты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0