Калкты тейлөө борборлорунда эл өзүнө өзү кызмат көрсөтө баштады. Жол-жобосу

© Фото / пресс-служба ГРС КРЗоны самообслуживания в ЦОН Бишкека
Зоны самообслуживания в ЦОН Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызмат акысын төлөө үчүн жарандар банк картасын же "Элсом" электрондук капчыгын пайдаланса болот.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда жарандар өзүнө-өзү кызмат көрсөтө турган жайлар пайда болду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Жарандар операторго кайрылбастан эле мамлекеттик кызматтарды пайдалана алат. Мындай жол менен Мамкаттоо элге www.portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүү порталын үйдөн чыкпай колдонууну үйрөтүп жатат.

"Өзүн өзү тейлөө аймактарында ноутбук, кард-ридер, сканер жана башка керектүү жабдуулар коюлган. Ал жерде Мамкаттоонун бардык кызматтарын электрондук түрдө пайдаланса болот. Порталга кирүү үчүн жарандын 2017-жылкы үлгүдөгү паспорту (ID-карт) болуусу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Кызмат акысын төлөө үчүн жарандар банк картасын же "Элсом" электрондук капчыгын пайдаланса болот.

Бүгүнкү күндө портал аркылуу 29 кызмат көрсөтүлүүдө, алардын негизгилери:

  • никеге туруу үчүн арыз берүү;
  • үй-бүлөлүк абал тууралуу маалымат алуу;
  • паспорттун жарактуу экенин текшерүү;
  • паспорт алуу же алмаштыруу боюнча арыз берүү;
  • паспорттун даяр болгонун текшерүү;
  • аттестат же дипломдун аныктыгын ырастоо;
  • жашаган жерине каттоого туруу;
  • табылгалар бюросунан документ издөө;
  • жол эрежеси бузулган учурдагы айып пулдарды текшерүү.

Дагы кандай кызматтар көрсөтүлөрүн шилтемеси аркылуу көрүңүздөр.

Калкты тейлөө борборлорунун даректери:

  • № 1 калкты тейлөө борбору — Медеров көчөсү, 44/1, Жукеев-Пудовкин менен кесилишет;
  • № 2 калкты тейлөө борбору — Чокан Валиханов көчөсү, 2;
  • № 3 калкты тейлөө борбору — Жаш Гвардия проспектиси, 4.
Жаңылыктар түрмөгү
0