Илбирс. Архивдик сүрөт

Мындай чанда болот! Жайлоого түшкөн ак илбирстин сүрөттөрү

691
(жаңыланган 12:35 13.09.2019)
Бул жырткычтардын жерге түшкөнү өтө сейрек көрүнүш, алар көбүнчө бийик тоолорду байырлашат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кызыл китепке кирген ак илбирс тоо этектерине түшкөнүн фотокапкандар тартып алган. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди. 

Фотоловушки запечатлели краснокнижного снежного барса на зеленых травах горных лугов
© Фото / пресс-служба германского Союза охраны природы в Кыргызстане (NABU)
Кызыл китепке кирген ак илбирс тоо этектерине түшкөнүн фотокапкандар тартып алган

Анын айтымында, эки жумалык экспедициянын алкагында фотокапкандар Кыргыз Ала-Тоонун түштүк тарабына орнотулган. 

Фотоловушки запечатлели краснокнижного снежного барса на зеленых травах горных лугов
© Фото / пресс-служба германского Союза охраны природы в Кыргызстане (NABU)
Эки жумалык экспедициянын алкагында фотокапкандар Кыргыз Ала-Тоонун түштүк тарабына орнотулган.

"Кадрга тоодо жүргөн жана тоо этегине түшкөн ак илбирстер түшүп калган. Ошондой эле аркар-кулжаларды дагы көрүүгө болот", — деди Эсенбаева.

Фотоловушки запечатлели горных козлов на территории южной экспозиции хребта Кыргыз Ала-Тоо
© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в Кыргызстане (NABU)
Кыргыз Ала-Тоонун түштүк тарабына фотокапканга түшүп калган жаныбарлар

Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкканы да фотокапканга түшүп калган.

691
Белгилер:
жайлоо, фотокапкан, ак илбирс, Кыргызстан
Тема боюнча
Мукабаев: Кыргызстанда бир катар жаныбарлар жоголуу коркунучунда турат