Терезенин алдында турган киши. Архивдик сүрөт

Omks баракчасынын ээси: атактуулардын көбүн жок кылып койчу видеолор бар

(жаңыланган 14:11 13.09.2019)
Белгилүү omks_video инстаграм баракчасынын админи Дияс фамилиясын атабоону жана сүрөтүн чыгарбоону өтүндү. Кыргызстандык бул жигит элге таанымал болгусу келбейт.

Instagram тармагындагы кеңири окулган баракчалардын артында акылдуу телефондорунан баш көтөрбөгөн жалаң жаш балдар отургандай туюлат. omks_video ачык баракчасынын (паблигинин) админи Дияс андайлардан эмес, бутуна туруп калган киши, ишкер. Дээрлик миллионго чукул каттоочулары бар баракчасын акча табуу жолу эмес, эрмеги катары көрөт.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Ошто карапайым жумушчу-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгам. Атам – газ боюнча мастер, апам фабрикада токуучу болуп иштеген. Бишкекке мен эс тартып калган куракта көчүп келдик. Кыргызстандан кетүүнү каалаган деле эмесмин, жогорку билимди да өлкө ичинде алгым келген, бирок университеттерде ошол убакта жемкорлук күч алып турган. Окууга өткөрүүгө көп акча сурашты, ата-энемдин андай каражаты жок эле. Армияда кызмат өтөдүм, анан Москвага бет алдым. Ал жактан бюджеттик бөлүмгө жөн эле өтүп, металл иштетүү боюнча инженер адистигине ээ болдум. Россиянын борборунда металл иштетүү станокторун саткан, кирешеси чоң компанияны иштетчүмүн.

— Эмнеге Кыргызстанга кайттыңыз?

— Сагындым...

— Катаал кесип ээси болгон жигит кантип Instagram баракчасы менен алектенип калды?

— Башта социалдык медианын бул бутагы көңүлүмө төп келчү эмес. Кийин "бир нерсени токтото албасаң, башкарып алышың керек" деген бүтүмгө келдим. Үч жыл мурун эле. Анан Instagram тармагын изилдей баштадым, Россия менен Казакстанда ар кандай кызыктуу тасмалар жарыяланган баракчалар популярдуу, ал эми Кыргызстанда андайлар жокко эсе экенин байкадым. Алгач өзүм кызыктуу маалыматтарды издеп, кийин катталуучулардан тасма тартып жөнөтүүлөрүн өтүндүм. Демилгем жерде калбады. Азыр өлкөдөгү окуялардан жалпыга маалымдоо каражаттарынан мурун кабардар болуп турам.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OMKS 📺 VIDEO (@omks_video)

— Катталуучуларды тартуу жеңил болдубу?

— Жаңы баштаган жети ай ичинде 50 миңге жетпеген эле киши окучу, аябай татаал болду. Ошондо мага omks_kg паблигинин көмөгү көп тийди. Анан дүрбөлөң башталды деңиз, суткасына 2000 кишиден каттала башталды.

— Өз баракчаңызда качантан тарта акча таба баштадыңыз?

— Аудитория 300 миң кишиден ашмайынча жарнама чыгарган жокмун. 500-1000 сомго жарнама жарыялай берүү кызыксыз болчу. Интернетке эч тиешеси жок бизнесим бар, ошондуктан рекламанын акчасына деле зарылдык жок эле.

300 миңге жеткирген соң жарнама акысын түзүп чыктым. Каалоочулардын саны өтө көбөйүп кеткенде эки эсе жогорулаттым. Азыр да сунуштар арбын, андыктан, аябай тандайм, баарын жарыялай бербейм. Киши элге таанылууну самап, 7-8 миң сом топтоп алып: "Мен тартылган роликти чыгарып койчу" – деп суранат. Карасам таланты да, элдин көңүлүн тарта турган эч нерсеси жок, блогер кызыксыз эле нерселерди айта берет. Андай киши мага акча төлөсө деле ичим чыкпайт.

— Жарнамадан канча табасыз?

— Айтпайм, буга салык төлөбөйм да мен. Жакшы эле акча. Бирок Instagram баракчасын баюу үчүн курал катары карабайм, себеби каалаган убакта өчүрүп коюшу мүмкүн. Кенен басып, кенен жүргөнгө жетиштүү болгону менен социалдык медиага караганда бизнес мага көбүрөөк киреше алып келет. Андан түшкөн акча топтолууда, дээрлик тийген деле жокмун.

— Биздеги Instagram жылдыздар бир пост жарыялоого 200-300 доллар алышат. Сизде андан кымбатпы?

— Жок, андан арзан, ошентсе да пайдасы арбын. Менин фолловерлерим — ачык баракчама өздөрү катталган кишилер. Бир жарым миллион аудиториясы бар кишилер кандай кылат? "Балдар, сынак өткөрөм, баракчама жазылгыла" деп кайрылат. Аны эч ким тааныбаса деле миллион катталуучусу бар, көк белги коюлган.

Аккаунтумду жеке кызыкчылыгыма пайдаланбайм, жүзүмдү эч ким көрбөйт. Балким, ошондон улам да эл мени сыйласа керек.

— Баракчаңызды жалгыз жасайсызбы?

— Ооба. Эл жиберген тасманы эле жайгаштырып коюш керек да. Сиз менен маектешип жаткандан бери эле 10 билдирүү келди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OMKS 📺 VIDEO (@omks_video)

— Сиз жарыялоодон баш тарта тургандай адепке жатпаган тасмаларды көп жөнөтүшөбү?

— Көп келет. Коркунучтуу, үрөй учурган нерселерди жиберишет. Тилекке каршы, биздин жаштар "күңүрт" интернет рыногунда көп отурушат. "Балдар, мындай тасманы жайылтканыңар үчүн кылмыш жообуна тартыласыңар. Азыр алып салбасаңар, силердин үстүңөрдөн милицияга арыз жазам" дейм.

Жеке билдирүүлөр менен эмнелерди гана жөнөтүшпөйт, жүрөк тилинет, зордуктоолор, киши өлтүрүүлөр... Бир жолу Түштүк магистраль жактагы райондо тартылган тасманы жиберишти: жаш кыз-жигит парктагы отургучта кумарга батып жатат. Же дагы бир мисал, тыгылышып бараткан маршруткада бир киши чечинип алып, жаман жоруктарга барып жатат. Албетте, андай видеону эч качан чыгарбайм.

Адамдардын турмушун талкалап койчу жашыруун тартылган кадрларды да жөнөткөндөр толтура. Кыздар салбайт андайды, өз сүйгөндөрүн аңдыган эркектер гана ушундайга барышат. Жигиттери алардан телефондорун тартып алып, экрандарын "скрин" кылып: "Ушуну чыгарып салчы, менин көзүмө чөп салганын элдин баары билсин", – деп суранышат. Андай ишке барбайм.

Белгилүү адамдарга да компроматтар арбын. Атактуу бир түгөйлөр кафеде отуруп алып, кумарга батып жаткан тасманы салышты бир жолу. Андай ролик адамдын тагдырын талкалап коюшу мүмкүн!

Телеграмда вебкам-модель болуп иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялаган топтор көбөйдү. Ар бир киши алардын арасынан тууганын, таанышын көрүп калышы ыктымал. Адамдар кыздардын абийирин төгүү үчүн аларды жүктөп алышат. Так билбейбиз, бирок андайдын айынан өз өмүрүн кыйгандар жок эмес чыгар.

— Бирок андай тасманы тараткан киши кылмыш жообуна тартылат да!

— Мыйзам жол берсе деле андайды жарыяламак эмесмин. Албетте, мындай видеону Instagram өзү деле колдонуучулар арыздангандан кийин гана өчүрүп салат. Instagram аркылуу адамдарды телеграмга которгон баракчалар бар, ал жакта эч кандай көзөмөл жүрбөйт. Ошол жакта ансыз да токтоло элек өспүрүмдөрдүн аң-сезими талкаланууда. 13-14 жаштагы балдар баарын сиңирип алат, андай видеолор адамга өтө таасир этет эмеспи.

— Ушул жаатта укук коргоо органдары менен бет келишкен учуруңуз боло элекпи?

— Бир жолу телефон чалып, жаңжал тутанткан материалдарды чыгарбоону өтүнүштү. Маселен, улуттар аралык жаңжал. Албетте, укук коргоо органдарынын буга көңүл бөлүшү жакшы нерсе, бирок жайнаган "күңүрт" баракчалар турганда меникинде эч кандай мандем жок.

Былтыр бир киши уулуна сыра ичирип, тамеки карматып жаткан тасманы салышты мага. Жарыяладым, дароо шаардык прокуратурадан чалып, алып салууну өтүнүштү. Өчүрүп койдум.

— Жол кырсыгы болгондо күбөлөр дароо телефондоруна тарта башташат. Алар адамдардын азап чегип жатканын тартышат, ал эми андай кадрлар сизде да, ЖМКда да дароо жарыяланат...

— Биздин элге башкача жеткире албайсың. Бишкекте биринчи машина айдап чыкканымда аябай кооптонгом. Адамдар камсыздоосу бардай айдашат, болбосо, эч нерсеси жок, алтургай, айдоочулук күбөлүктөрүн да сатып алышкан.

Баары жөнөкөй эле бир чындыкты аңдап билүүгө тийиш: автомобиль — бул өмүр үчүн кошумча бир тобокелдик. Өзүңдүн экинчи колдон сатып алган BMW унааң менен наристени өлтүрүп алышың мүмкүн. Айдоочулар машинаны жаман айдоонун кесепети үрөй учура тургандай болорун көрүшү керек. Эгер жок дегенде бир киши рулга отуруп жатып: "Тасмадагы тиги айдоочунун баш сөөгү жарылып кетиптир болчу. 150 менен эмес, 60ка салып эле айдайынчы" – деп ойлонсо, аракетибиздин текке кетпегени ошол.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OMKS 📺 VIDEO (@omks_video)

— Киши өз баракчасына чуулгандуу бир нерсе жарыялап алып: "Эмнеге бул туурасында ЖМК жарыялады? Мен өз аккаунтума каалаганымды чыгара алам да", – деп нааразы болгондор көп болот.

— Андай болбойт да! Эгер социалдык медиага бир нерсе койдуңбу, ал пост сенин жеке талааңдан чыгат. Ал жакка жарыялангандардын баары эбак жалпы коомчулуктун "оокатына" айланат, өзүң ал үчүн жооп бересиң.

— Баракчаңызда жарыяланган кайсы видеороликтер менен сыймыктанасыз?

— Социалдык мааниси бар тасмаларды чыгарам, бирок негедир аларды көргөндөр аз. Мисалы, адамдар куру дегенде кагазды челекке салганды үйрөнсүн деп таштанды көйгөйү көп көтөрүлөт. Жарыялаган роликтерим жаштарга жакшы таасир этсин дейм, кайрымдуу болуу, жакырларга жардамдашуу керектигин түшүндүргүм келет. Нельсон Мандела жазгандай, эгер адамдар жек көрүүнү үйрөнө алышса, демек, аларга сүйө билүүнү да үйрөтүүгө болот. Негизи ар бир адам боорукер болуп жаралат. Окурмандарды жек көрүүгө кынык алдыргандай эле боорукердик менен сүйүүгө да көндүрүүгө болот. Ушу менен алекмин.

— Окурмандар арасында коркуткандар көп болобу?

— Андайлар да бар. Дароо дарегимди айтып, келгиле дейм. Эмнеден чочулайын, кичинекей бала эмесмин го. Азырынча эч ким келе элек. Негизинен акыл-эстүү кишилер жаман нерсени көздөбөгөнүмдү көрүп турушат.

— Кандай дейсиз, сиздикиндей баракчаны азыр ачууга болобу?

— Жок, азыр бул автордук контент. Бөлөктөрдүн тасмаларын колдонууга эми кеч. Мени тууроого тырышкан жүздөгөн фейктер бар, бирок андай болбойт.

Белгилер:
интернет, вебкам, атактуу, видео, баракчалар, Instagram
Тема боюнча
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги
Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры
Акча каражаттары. Архив

Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар

(жаңыланган 16:58 19.04.2021)
Айдан артып калган же топтогон тыйыныңызды жөн катпай эселентип алуу үчүн туура инвестициялоону өздөштүрүп алган дурус. Мындай процесс так билбегендиктен эле адегенде кыйын, дегеле кол жеткистей көрүнөт деп эсептейт Улуттук банктын өкүлдөрү.

Акчасын көбөйтүп алууну ким каалабасын. Ошондуктан кай багытка салуу пайда алып келет деген сууроо туулат. Улуттук банк инвестициялоонун багыттары боюнча кеңештерин берди.

"Акчаңыз сизге утуш алып келиши үчүн туура инвестициялоону билген оң. Процесс эң башында эле татаал жана мүмкүн эмес нерседей туюлат. Эң башкысы — болгон тыйыныңыздын баарын бир тармакка салбоо керектигин эске тутуп, инвестициялоонун инструменттерин ажырата билүү зарыл", — дешти өлкөнүн башкы банкындагылар.

УБ өкүлдөрү инвестициялоонун варианттарын санап, ошондой эле оң жана терс жактарын тизмектеп беришти.

Акциялар

Акция — бул акционердик коом тарабынан чыгарылган үлүштүк баалуу кагаз. Акцияны сатып алуу менен сиз компаниянын үлүшүндө энчиңиз болот. Акционер катары кирешеңиз аталган ишкана рынокто канчалык ийгиликтүү иш алып барарына жараша.

Акция жөнөкөй жана привелегиялуу (артыкча укуктуу) деп эки түргө бөлүнөт. Жөнөкөй акция жыйналыштарда добуш укугуна жана компаниянын кирешесине жараша дивиденд алуу укугуна ээ кылат. Артыкча укуктуу акциялардын "добушу" жок, бирок компания киреше алган-албаган күндө да белгиленген өлчөмдө дивиденд алуу укугу камтылат. Компания жоюлуп кеткен шартта жөнөкөй акционерлерге караганда булардын мүлктөн үлүш алууда артыкчылыгы болот.

Эгер акционердик коом киреше тапса, анда анын төрттөн кем эмес бөлүгүн ал жыл сайын дивиденд түрүндө акционерлерге төлөп берүүгө тийиш. Дивиденддердин өлчөмү компаниядагы сиздин үлүшүңүзгө пропорциялуу. Бирок ошону менен бирге эле акционерлер компания кыйраган учурда жабыр тартарын да эстен чыгарбоо абзел.

"Акцияга салынган каражат заматта пайда алып келбей турганын дароо такташып алган жакшы. Акцияга инвестициялоо — бул капиталга узак мөөнөттүү салым, андан пайданы сиз 2-3 жылдан кийин гана ала баштайсыз. Акцияга инвестициялоо менен баалуу кагаздын наркы жогорулап да, төмөндөп да кетерин түшүнүүгө тийишсиз. Дал ушул себептен акциялар тобокелдиктин жогорку деңгээлдеги салымдардын түрүнө кирет", — деп белгилейт Улуттук банктагылар.

Облигациялар

Облигация — бул карыздык баалуу кагаз. Аны сатып алуу менен сиз компанияга белгилүү бир убакка чейин белгиленген пайыз менен карыз берип турасыз. Облигациялар адатта 2-3,5 жылга чыгарылып, мөөнөтү келгенде компания сиз салган сумманы кайтарып берет. Бир облигациянын баасы миң сом турат. Корпоративдик облигацияларды акционердик жана жоопкерчилиги чектелген коомдор чыгарат.

"Облигация ээлери аны чыгарган компаниянын башкаруу иштерине аралашпайт. Бирок облигацияга ээлик кылуунун артыкчылыгы бар. Акциялардан айырмаланып компаниянын киреше алып-албаганына карабастан пайыздан түшкөн кирешеңиз сизге чегерилет. Облигациялардын оң жагы инвестор каалаган убагында баалуу кагаздарды экинчи рынокто сатып жиберип, башта салган акчасын кайтарып алат. Ошону менен бирге эле пайыздык пайдасын да жоготпойт", — деп белгиледи Улуттук банк.

Эгер баалуу кагаздар Кыргыз фондулук биржасында Blue Chips категориясы боюнча листинг жол-жобосунан өткөн болсо, инвесторлор киреше салыгын төлөөдөн бошотулат.

Мамлекеттик баалуу кагаздар

Мамлекеттик баалуу кагаздар ынанымдуулугу жогору деп эсептелгендиктен, тобокелдик дээрлик жок. Мамлекеттин атынан өлкөнүн Финансы министрлиги бул баалуу кагаздар боюнча төлөмдөрдү төлөп берүүгө кепилдик берет. Жыл сайын Кыргызстандын бюджетинде ички карызды, башкача айтканда, мамлекеттик баалуу кагаздардын төлөмүн төлөп берүүгө каражат бөлүнөт.

Здание Национального Банка Кыргызской Республики на проспекте Чуй
© Sputnik / Эмиль Садыров
Улуттук банк

Мамлекеттик баалуу кагаздардын кеңири тараган түрлөрү— Мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ), Мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) жана Кыргызстандын Улуттук банкынын ноталары.

КР УБ ноталары — бул мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар. Улуттук банк тарабынан 10 миң сомдук нарк менен чыгарылат. Ноталар 7, 14, 28, 91, 182 жана 364 күнгө жайгаштырылат. Максималдуу кирешелүүлүгү 4-5 пайызга жетет.

МКВ — өкмөттүн кыска мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздары 100 сом менен чыгарылат. МКВ 3, 6 жана 12 айга созулат. Алардын жылдык орточо кирешелүүлүгү 6,5 пайызга жетет.

Мамлекеттик казыналык облигациялар — пайыздык кирешеси (купон) жана бир жылдан ашуун айлантылчу өкмөттүн узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздары. МКО документтүү жана документсиз формада чыгарылат. Мамлекеттик казыналык облигациялардын кирешелүүлүгү 12,5 пайызга жетиши мүмкүн. Мамлекеттик баалуу кагаздарды апта сайын Улуттук банк тарабынан өткөрүлүп турган аукциондорго жайгаштырылат.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды каалаган юридикалык же жеке тараптар сатып ала алышат. Бул үчүн коммерциялык банкта эсеп ачып, банк аркылуу аукционго катышууга тапшырык берүү керек. Жеке жак жана юридикалык тарап мамлекеттик баалуу кагаздарды түз сатып ала албайт.

Ошондой эле мамлекеттик казыналык облигацияларды Кыргызстандын фондулук рыногундагы брокердик компаниялар аркылуу да сатып алууга болот.

Коммерциялык банктардын аманаттары (депозит)

Депозит — бул ишкана же жеке жактардан каражаттын банкка кабыл алынышы. Каражатыңызды пайдаланганы үчүн банк сизге пайыз төлөйт. Улуттук банк банкка салынган акча Кыргызстанда эркин капиталды салуунун эң жөнөкөй жана кеңири таралган түрү экенин белгилейт.

Женщина пересчитывает 1000-сомовые купюры
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Акча

"Аманат ачууга дейре өз киреше жана чыгымдарыңызды пландап алууңуз кажет, себеби банк депозитинен акчаны мөөнөтүнөн мурун алууда чегерилген пайыздарды көп учурда жоготуп алышыңыз ыктымал. Кирешенин көлөмү аманаттын мөөнөтү жана суммасына жараша. Мөөнөтү канчалык узагыраак жана суммасы канчалык көбүрөөк болсо, депозит боюнча пайыздык чен да ошончолук жогору болот", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле баштапкы инвестициялык капиталды топтоо, кийин башка каржылык инструменттерге салуу үчүн да банкта эсеп ачууга болот.

Кыргызстанда аманаттык салымдар Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан корголот. Кепилденген учур келгенде аманатчыга 200 миң сомго чейин төлөнүп берилет.

Кыймылсыз мүлк

Мүлктүн бул түрүнө акча салуу эки ыкма менен капиталды эселентүүгө жол ачат. Биринчиси — нарк айырмасынан пайда көрүү, башкача айтканда, арзан сатып алып, кайра кымбатыраак сатуу. Экинчиси — ижарага берүүдөн маал-маалы менен пайда көрүү.

© Sputnik / Илья Питалев
Көп кабаттуу үй

"Кыймылсыз мүлккө акча салуу — капитал салуунун эң майнаптуу түрү деген пикир бар. Чындыгында андай деле эмес. Бул ыкманын өзгөчөлүктөрү бар, алардын бирине токтолсок, сиз инвестициялоонун бул багыты менен алектенүү үчүн баштапкы капиталыңыз кыйла көбүрөөк болушу шарт", — деп эскертет Кыргызстандын негизги банкы.

Дагы бир терс жагы — кыймылсыз мүлктү дайым эле заматта сатып жибере албайсың. Мүлктүн бул түрүнө инвестициялоо — капитал салуунун маанилүү түрү, бирок тыкыр мамилени, рынокту жана мыйзамдардын кылдаттыгын ийне-жибине чейин изилдөөнү талап кыларын эскертет КР УБ.

Алтын

Алтын куймалары — бул Кыргызстанда инвестициялоонун жаңы өндүрүмү. Улуттук банк 2015-жылдын 7-майынан тарта алтын куймаларын кайра сатып алуу укугу менен сатыкка чыгарган. Бул анын чоң артыкчылыгы жана салымдын ынанымдуулугунун кепилдиги. Бирок алтын куймалары абдан аяр мамилени талап кыларын эстен чыгарбаңыз. Металлдын үлгүсү (пробасы) абдан жогору — 999,9, ошол себептен ал абдан жумшак келет. Куйма кол, кездеме же салфетка тийсе, бузулуп калышы ыктымал.

Золотые мерные слитки Национального банка Кыргызстана
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алтын куймалары

Эгер анын үстүндө чийик же манжа издери калып калса, баалуулугун дароо жоготот. Кийин аны сындырылган бөлүктөрдүн баасында, башкача айтканда, баалуу металлдын өз наркынан бир далай арзан сатууга гана болот. Ошондуктан Улуттук банк куйманы кутуча же корголгон таңгакта кармайт.

Алтын куймаларына анча ынанбай турсаңыз менчиктештирилбеген (жеке жактары көрсөтүлбөгөн) металл эсептерди да байкап көрсөңүз болот. Салымдын суммасы куйма өлчөмүнө тете болушун жана аяр мамилени талап кылынган куймаларга инвестициялоодон айырмаланып, бул ыкмада өзгөчө кам көрүү жана салымдын суммасына чектөө жок. Мындайда алтын колго берилбейт, ал виртуалдык, ошондой эле эсепте сакталат.

Эсептен акча алууда виртуалдык алтындарыңыздын санын баалуу металлдын ошол күнкү баасы менен эсептеп беришет. Башкача айтканда, капитал алтындын наркы өскөндө акчаны көбөйтүп алууга болот.

Иш жүзүндө бул баалуу металлдын баасы жай, бирок сезилерлик көтөрүлүп турат.

"Акчаны алтынга салууда инвесторлор бул узак мөөнөттүү инвестиция инструменти экенин эске алышы абзел. Ошондуктан кыска убак үчүн мындай операция жүргүзүүнүн кажети жок", — деп эскертет Улуттук банк.

Буга чейин Sputnik агенттиги кыймылсыз мүлккө акча салуунун артыкчылыгы менен кемчилиги тууралуу материал даярдаган.

Белгилер:
киреше, инвестициялар, металл, алтын, акция, депозит, акча, Улуттук банк
Тема боюнча
Кыргызстандагы электрондук капчыктар. Колдонуу шарттары
Банкка салынган акчаны кантип көбөйтсө болот? Кыргызстандагы депозит тууралуу
Чүйдөгү Пригородное айылындага айыл өкмөтүн имараты

Пригородноедеги айыл өкмөтүн басып алган аялдардын насыясы жоюлбайт

(жаңыланган 16:54 19.04.2021)
15-апрель күнү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алган. Насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял өздөрүн өрттөй турганын айтышкан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чүйдөгү Пригородное айылында насыя үчүн өздөрүн өрттөйбүз деп коркуткан аялдардын маселеси ар бири менен жекече чечилет. Алардын насыясы жоюлбайт, балким мөөнөтү узартылышы ыктымал. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Эске салсак, Кармышаков өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аялдар менен жолугуп, сүйлөшкөн. Вице-премьер бул көрүнүштү кыжырды кайнаткан факт катары сыпаттап, мыйзам бузуу экенине токтолду.

"Муниципалдык мекемени басып алгандар Жазык кодексинин негизинде жазаланат. Мен билгенден беш жылдан жети жылга чейин камалат. Мындай жол менен маселе чечилбейт. Көбүнчө ал жерге менчик насыя алгандар жана кредит бергендер менен көйгөй жаралган аялдар чогулган. Айрымдарынын тармактык бизнес менен маселеси болсо, кээ бири банк жана микрофинансы компанияларына өз убагында насыя төлөбөгөндөн жабыркап жүрүшкөн. Чындап эле көйгөй бар экен", — деди Кармышаков.

Вице-премьер бир күндө же бир айда алардын маселесин чече калуу мүмкүн эместигин айтып, баары мыйзамдын негизинде жүрөрүн кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ар бир аялдын маселеси жекече каралары чечилген.

"Элдин тынчын алган жеке менчик насыя берүүчүлөрдүн иши менен ИИМ иш алып барат. Банк системасы боюнча Улуттук банк менен аналитикалык иштерди жүргүзөбүз. Мүмкүнчүлүк болсо жардам көрсөтөбүз. Баарынын көйгөйүн бир маалда чечип коюу мүмкүн эмес. Андай болбошу керек. Келишимге кол койгондон кийин аны аткарууга милдетүү", — деди ал.

Журналист вице-премьерге насыялардын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча да суроо узаткан.

"Анализ жүргүзүлгөндөн кийин эгер банк макул болсо насыялардын мөөнөтү узартылышы ыктымал. Кыргызстанда 25 банктын 23ү жеке менчик. Ошол себептен биз эч нерсе дей албайбыз. Ар бир учур боюнча маселени директорлор кеңеши карайт", — деди Кармышаков.

Өкмөт өкүлү Пригородное айылындагы өздөрүн өрттөөгө аракет кылган аялдардын окуясы атайын жасалбаганын айтып, бул боюнча эл арасында тарап жаткан кептерди төгүндөдү.

Эскерте кетсек, 15-апрель күнү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан.

Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң аялдардын жарымы вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушкан.

Жанын кыюуга даяр аялдардын маселесинен президент Садыр Жапаров да кабардар болгону айтылган.

Белгилер:
насыя, аялдар, Пригородное айылы, Улукбек Кармышаков
Тема боюнча
Пригородное: айыл өкмөттү басып алган аялдар имараттан чыгып, курчоо алынды