Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп

Жазылуу
Мектеп мугалимдери кошумча өткөн ар бир дарска акча аларын Бишкектин билим берүү башкармалыгы тастыктады. Бирок топтолгон каражат билим берүүчүлөргө эмес, атайын эсепке түшөрүн муниципалитеттен белгилешти.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Мектеп мугалимдери кошумча өткөн ар бир сабакка орточо 65 сомдун тегерегинде акча алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Наталья Никифорова Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова Twitter баракчасына башталгыч эки класска сабак берген мугалимдин бир күндүк айлыгы орточо 6000 сомго жетерин эсептеп беришкенин жазган эле.

​Никифорованын айтымында, акы төлөнгөн кошумча сабак тууралуу ар бир ата-эне менен жеке келишим түзүлөт.

"Эгер Лунара Мамытова айтып жаткан мектепте кошумча сабактар бар болсо, демек, мугалимдер мыйзамдуу акча чогултуп жатышат. Эгер билим берүүчү патент менен иштесе, мектептин аймагында анын төлөм топтоого акысы жок. Акча мыйзамсыз чогултулуп жатса, ал мугалимди иштен алабыз", — деди Никифорова.

Ал кошумчалагандай, мектептердеги кошумча сабакка алынчу төлөмдөр өкмөттүн токтому жана билим берүү министринин буйругу менен бекитилет.

Коомдук резонансты жараткан бул маалыматка байланыштуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү Лунара Мамытова менен байланышып, мындай маяна кайсыл мугалимге таандык экенин иликтешкен эмес.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0