Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда эки корпустун капсуласы салынды

Эне жана баланы коргоо борборунда жаңы эки корпус салынууда. Сүрөт

69
(жаңыланган 09:55 16.09.2019)
Гематология жана органдарды трансплантациялоо бөлүмүнүн курулушу жана анын заманбап жабдуулар менен камсыздалышы өлкөдө биринчи жолу сөөктүн чучугун алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда эки корпустун капсуласы салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

  • В Национальном центре охраны материнства и детства прошла церемония закладки капсулы строительства двух новых корпусов
    Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда эки корпустун капсуласы салынды
    © Фото / пресс-служба Минздрава КР
  • В Национальном центре охраны материнства и детства прошла церемония закладки капсулы строительства двух новых корпусов
    Аталган борбордо клиникалык-диагностикалык блок менен гематология жана органдарды алмаштыруу бөлүмү курулууда
    © Фото / пресс-служба Минздрава КР
  • В Национальном центре охраны материнства и детства прошла церемония закладки капсулы строительства двух новых корпусов
    Капсуланы салуу иш-чарасына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана "Центр Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун төрагасы Мухаммад Аль-Шайя катышкан.
    © Фото / пресс-служба Минздрава КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба Минздрава КР
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда эки корпустун капсуласы салынды

Ага ылайык, аталган борбордо клиникалык-диагностикалык блок менен гематология жана органдарды алмаштыруу бөлүмү курулууда.

Капсуланы салуу иш-чарасына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана "Центр Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун төрагасы Мухаммад Аль-Шайя катышкан.

"Клиникалык-диагностикалык бөлүм өзүнчө корпуста жайгашат. Муну менен медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт. Гематология жана органдарды алмаштыруу бөлүмүнүн курулушу жана анын заманбап жабдуулар менен камсыздалышы өлкөдө биринчи жолу сөөктүн чучугун алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Демөөрчүлөрдүн кайтарымсыз жардамына ыраазычылык билдиребиз", — деди биринчи вице-премьер-министр Боронов.

Маалыматта корпустар 2020-жылы бүтө турганы айтылды. Медициналык жайлардын аянттары 1880 жана 1620 чарчы метр болот. Курулуш иши 198 миллион 800 миң сомго айланары кошумчаланды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
69
Белгилер:
курулуш, медицина, оорукана, Бишкек
Тема боюнча
Жээнбеков: Бишкекке спорт ордосу жана эки стадион салынат