ӨКМ: карда калган чабандар 4800 кою, 400 бодо малы менен кыштоого түшүрүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүКыштоо. Архив
Кыштоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрдын башында жааган кардын кесепетинен жайлоодогу чабандардын малы кырылып, куткаруучулардын жардамы менен эптеп кыштоого түшүп келишүүдө.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Калың кардан кийин Чүй облусунун жайлоолорунда калып калган 11 чабан 150 жылкысы, 400 бодо малы жана 4800 кою менен коопсуз жайга түшүрүлдү. Мындан сырткары, 200 баш кой жана төрт жылкы кар алдында калып өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолорго кар жаап, мал кармаган чабандарды түйшүккө салган. Айрымдары куткаруучулардын жардамы менен эптеп кыштоого түшүп келсе, кээ бирлери дайынсыз болууда.

КОРОВЫ ЖИВОТНОВОДСТВО ФЕРМА - Sputnik Кыргызстан
Жумгал, Токтогул, Аксынын жайлоолоруна кар жаады. Малчылар жардам суроодо
Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда чабандар мал-жандыгы менен калып калышкан.

ӨКМдин Жайыл районунун ыкчам тобу Авариялык-куткаруу автоунаасы жана Куткаруучуларды даярдаган мамлекеттик борбордун "Урал" унаасы менен чыгып кеткен.

Натыйжада 10-сентябрь күнү Сандык жайлоосунан беш чабан 3500 кою менен Суусамыр айыл аймагына көчүрүп келинген. Ошол эле күнү 500 кой жана төрт жылкыны айдап келе жатканда Сокулук ашуусунда жылкылардын баары жана 200 кой өлгөн. Калган 300 баш койду Төш-Булак айылына жеткиришкен.

11-сентябрда куткаруучулар "Урал" автоунаасы менен Сандык жайлоосуна барып, боз үйлөрүн жана тиричилик буюмдарын көчүрүп келишкен.

12-сентябрь күнү да ошол эле жайлоодон эки боз үйдү көчүрүп, үч чабандын үй-бүлөсүн Суусамыр айыл аймагына караштуу имаратка алып келишкен.

Саат 16:00дө ӨКМдин ыкчам тобу Авариялык-куткаруу автоунаасы менен Арамза жайлоосуна жол тартып, Суусамырдын Тунук айылында түнөп калган. Эртеси төрт чабан 150 жылкысы менен Арамза жайлоосундагы күрткүдөн аман-эсен өткөнүн жана ары жакта болжолдуу түрдө жети чабан мал-жандыгы менен калганын телефон аркылуу кабарлаган.

13-сентябрь күнү өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Жайыл районунун акими кырдаал менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды коюшкан.

Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды
Суусамыр өрөөнүндө кар астында калган арпа, буудай орула баштады. Мындан сырткары, тартылган күчтөрдүн жардамы менен Арамза жайлоосунан 3 чабан болжолу менен 400 бодо малы жана 1000 кой-эчкиси менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүлгөн.

Ошондой эле жайлоодо калган чабандардын оокаттарын алып келүү үчүн, ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынан 200 литр күйүүчү май бөлүп берилген.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө Суусамыр жайлоосунан малын айдап чыгып кеткен 9 чабан дайынсыз болууда. Аларды издөөгө 13-сентябрда саат 20.00дө Кегети капчыгайы аркылуу Ысык-Ата райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Жайыт комитетинен бир адам чыгып кеткен.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0