Бирок кошуналар бири-бири менен тил табышып, ишенимге киргенге чейинки убакыт бир топ эмгекти, чыдамдуулукту талап кылат. Өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдө жакын жашаган бүлө менен достошуу өтө татаал. Себеби белгилүү — алакандай жерде чогуу жашап жаткандан кийин ортодо талаш-тартыштар боло берет.
Ал эми каалгаңды ачып эле көз көрүшкөн адам менен жүз карашпай, эрегишип жашоо андан да татаал. Коңшулардын ортосундагы жылуу мамиле, ынтымакты сактоо үчүн эрежени кармана жүрүү керек. Алар тууралуу Sputnik Кыргызстандын окурмандарына этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.
Кээ бирөөлөрдү башка кишинин жашоосу абдан кызыктырат. Сиз дагы ошол топтогу адамдарга кирсеңиз, кызыктуу башкы каарманы бар сериал көрүңүз же китеп окуңуз. Бирок коңшунун үйүнө ким кирди, ким чыкты, автоунаасы канча сомдук, жумуштан саат канчада кайтат деген сыяктуу маселелерге баш оорутпаңыз. Мунун сизге эч зарылдыгы жок. Андан көрө ошол энергияны өз жашооңузга жумшаңыз. Өзгөчө бир коңшу тууралуу экинчиси менен кеп кылып же ушактабаңыз. Акыры баары угулуп калып, коңшуларды иренжитип албаңыз.
Коңшу менен жакшы мамилени сактоонун алтын эрежеси — ага тоскоолдук кылбоо. Тагыраагы, ызы-чуусуз жашоо. Батирлер ушунча жакын жайгашкандан кийин үйдөгү ар бир кыйкырык, катуураак чыккан музыка, балканын тыңкылдаган үнү кошунага даана угуларын жакшы билесиз. Ремонт кылып же конок күткөнү жатсаңыз, алдын ала коңшуларга "иш-чара" канча убакытка созуларын айтып койгонуңуз дурус. Түн тууралуу айтпасак деле түшүнүктүү. Эл эс алат, анын үстүнө мыйзамда саат 23.00дөн 7.00гө чейин тынчтыкты сактоо боюнча жазылган. Ал эми күндүз түнкүсүн иштеп чарчагандар, күндүз уктоочу кары-картаңдар, бала же оорулуулар болушу ыктымал. Эртеси ишиңиз улана турган болсо дагы коңшулар менен макулдашып алыңыз.
Айрым коңшулар ажат ачып, карайлап таппай турган нерсеңди колуңа кармата койгон учурлар көп. Идиш-аяк, үтүк, жада калса телефондун заряддоочу зымын деле сурай беребиз. Бирок алган буюмду кайтарып берүүнү унутпашыбыз керек. Өзүңүз деле байкап көрсөңүз, эки жолу берген буюмунун артынан келип сурап кеткен кошуна үчүнчү ирет сизге эч нерсесин бербейт.
Жаралган көйгөйдү мыйзам жолунда чечкен, албетте, жакшы. Бирок бир жерде жашап, бир арыктан суу ичкен адам менен "домкомго", сотко чейин жетпей эле маселени бир чыны чай үстүндө чечип алууга аракет кылыңыз. Негизи эле убакыт болсо, коңшулар менен дасторкон четинде чогулуп туруу жакшы. Чайлашуу — бул ынтымакка карай эң оңой жол.
Адистер буга башаламан сексуалдык жашоо себеп экенин, мындай илдеттер аял-эркекти бирдей тукумсуздукка кептей турганын эскертишти.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргызстандык кыз-келиндер көбүрөөк жабыркаган гинекологиялык оорулар тууралуу билди. Арасында жыныстык катнашка тиешеси жок башка олуттуу дарттар бар.
Ооруда жыныстык мүчөдөн жагымсыз жыты бар суюктук көп бөлүнүп чыга баштайт, ичтин ылдый жагы ооруп, заара ушатканда ачышып кыйналат. Бул илдет өтүшүп, өнөкөткө айланып калганда тукумсуздукка чейин алып келиши ыктымал.
Сифилис — жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору. Ал теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системасын жабыркатат. Сифилисти козгоочулардын аты трепонема деп аталат. Жатын кынына түшкөн трепонема жараны пайда кылат. Аялга оору жыныстык катнаш аркылуу, ал эми энеден балага түйүлдүк кезинде же төрөт маалында, кээде эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн.
Гонореяны кыргызча сүзөк деп дагы атат жүрүшөт. Бул оору жыныстык катнаштан сырткары оорулуу адам колдонгон сүлгү, дене жышыгыч жана башка көп колдонгон буюмдардан жугат. Илдетти гонококк микробу пайда кылат.
Гонорея өнөкөт түрүнө өткөндө суукка урунганда, өтө чарчаганда, этек кир келгенден кийин кайталап кармап турат. Сүзөк кээде ичегини, көздү жана кекиртектин былжырын да сезгентет.
Ооруда жыныс органынын сыртына жана былжырына исиркектер чыгып, катып кургап калат. Дарыгерлер жараны кетирип бергени менен вирус адамдын организминде өмүр бою сакталат. Мындай оорулуулар төшөктөгү өнөктөштөрүнө ооруну жуктуруу коркунучу бар. Адистер ошол себептен ар ким менен эле жыныстык катнашка барбоого чакырып, оорудан сактоочу каражаттарды колдонууну сунуштайт.
Бул дарт Кыргызстанда аябай кеңири тараган. Аны менен аял да, эркек да ооруйт. Жыныстык мүчөдөн сары көбүктөнгөн суюктук чыгып, кычыштырып, заара кылууда оорутат.
Иммунитет түшкөндө, гормоналдык бузулууларга учураганда жана жыныс мүчөсүнүн ичиндеги микрофлоралар бузулганда трихомониаз оорусунун өсүшүнө же пайда болушуна шарт түзүлөт.
Бул дарт эркектерден жугат, бирок аялдар жабыр тартат. Аз сандагы гарднерел ар бир дени сак аялдын жыныстык органындагы микрофлорада болот. Бирок гарднерел менен лактобактериялардын катнашы бузулганда оорунун белгилери сезилет. Ал негизинен жыныстык жол менен жугат. Илдет кош бойлуулук мезгилинде кесепетин тийгизет.
Оору процессинде жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнөт да ыңгайсыздык жаратат. Айрым учурларда аялдардын дене табы көтөрүлөт. Аталган илдеттен убагында арылуу керек. Эгер айым кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага өтөт.
Бул оору көбүнчө жаш кыздарда кездешет.
Негизинен вульвовагинит менен өспүрүм курактагы кыздар көбүрөөк ооруйт. Илдетти ичеги таякчалары, гельминтоз (острица), экссудативдүү диатез, инфекция шарттайт.
Оору козголгондо кычышуу жаралат да ириң сымал суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Гигиенаны жакшы сактап, жыныс органдарын таза кармоо кажет. Аталган ооруга чалдыгып калган учурда өз алдынча дарыланбастан, сөзсүз түрдө гинекологго кайрылуу зарыл. Дарыгер гана так диагноз коюп, дарылануу ыкмаларын сунуштай алат.
Цистит күз, кыш, жаз мезгилинде көп кармайт, суукка урунуу, буттун муздашы, жыныс органдарынын сезгенишинен улам өнөкөт дартка чалдыктырат. Өз убагында дарыгерге кайрылуу оорудан тез сакайтат.
Миома — жатын булчуңдарынын залалдуу эмес шишик түрүндө пайда болгон оорусу. Жатынга, таманга суук тийгенде, бойдон алдырганда, гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болгондо, туура эмес тамактанганда, жыныстык жашоодон канааттанбаганда пайда болот.
Миома болгондо жатындан чыккан суюктук кан түрүндө келе баштайт, ал эми айыз маалында каны токтобой узак убакыт келет. Жамбаш сөөк, бел, бут ооруксунат, ичеги менен табарсык кысылат.
Миомада мончого түшүп, күнгө кактанууга болбойт. Ысык шишиктин чоңоюп кетишин өбөлгөлөйт.
Киста — ичи сары суу сымал суюктукка толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып жатында эмес, жумурткада пайда болот. Аялдарда киста көбүнчө гормоналдык бузулууга учураганда, айыз эрте жашында келгенде, бойдон алдырууда, жасалма жол менен бойдон түшүргөндө, жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам пайда болот.
Ооруда этек кир келерде жана келип жатканда ич менен бел ооруйт, этек кир узакка созулуп, кан көп келет, кээде коюуланып, бойго бүтпөй, жыныстык катнаш учурунда ооруксунтат.
Бул ооруга кээде сексуалдык жашоо менен жашабаган кыздар дагы кабылып калышы мүмкүн.
Жатын моюнчасынын эрозиясы — аялдын жыныс мүчөсүндөгү жатын моюнчасынын былжыр челинин жаракатка кабылуусу. Эрозия жатын моюнчасында челди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Жыныстык катнаш учурунда оорутат жана кан аралаш суюктук бөлүнүп чыгат. Жара ачык кызыл түстө жана тегерек формада болот.
Бул ооруга ар кандай курактагы кыз-келиндер, аялдар чалдыгышы мүмкүн. Адатта төрөт учурунда жыныс мүчөсү жаракатка кабылган же бир нече жолу боюнан алдырган аялдарда көп кездешет. Эрозиянын пайда болуусунун себептери — инфекция, жыныстык катнашка эртелеп баруу, жатын моюнчасынын сезгенүүсү, организмдеги гормоналдык бузулуу, иммунитеттин түшүшү, жыныстык катнаш учурундагы этиятсыздык жана башкалар.Жатын моюнчасынын эрозиясын аныктоо кыйынчылык деле туудурбайт, дарыгердин бир текшерүүсү жетиштүү. Эрозияны текшерүү үчүн гинеколог жатындан мазок (жука челден былжырды сүртүп алуу) тапшырууну сурайт. Андан соң кольпоскопия жана видеокольпоскопия аспаптарынын жардамы менен карап чыгат.
Жатын моюнчасынын эрозиясы белги бербей, оорутпай жүрө бериши мүмкүн. Бирок биринчи кезекте ооруга кабылган аял сырттагы инфецияларга туруштук бере албайт, төрөбөй калышы мүмкүн. Андан да кооптуу нерсе — өтүшүп кеткенде жатындын залалдуу шишигине (ракка) алып келет.
Онкологдор менен гинекологдор бул оору жашарып баратканын айтышууда. Жатын моюнчасынын рагы паппилома вирусу аркылуу пайда болот. Оору жыныстык катнашта, төшөктө өнөктөштөрдү бат-баттан алмаштырган учурда жаралат.
Оорунун биринчи, экинчи баскычында операция жасоого толук мүмкүн. 3-4 баскычында химия жана нур терапиясы сунушталат.
Адистер төшөк маселесинде этият болуп, сактануучу каражаттарды колдонууну сунуштайт. Сексуалдук катнаш аркылуу жуга турчу оорулар жыныс органдарын жабыркатуу менен тукумсуздукка кептейт. Ошондой эле пландалбаган кош бойлуулукту алдын алып, абортко баруудан алыс болууга чакырышат. Анткени бойдон алдыруу бүтүндөй организм үчүн стресс, толгон-токой ооруну чакырары талашсыз. Жеке гигиенаны сактап, таза жүрүүгө, туура тамактанып, спорт менен алектенип, жылуу кийинип жүрүүгө кеңеш берилди. Гинекологго жарым жылда же бир жылда бир барып туруу керек.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандын беш балбаны Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалга чыкты. Алтын байге үчүн ал бүгүн азербайжандык Али Рахимзаде менен таймашат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кыз-келиндер күрөшүнөн 59 килограмм салмакта Назира Марсбек кызы финалда украиналык Екатерина Зеленых менен таймашат. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова канадалык Оливье Ди Бакко менен финалга чыкты. Ал эми эң оор, 76 килограмм салмактагы балбан кыз Айпери Медет кызы жарым финалда Рио-2016 олимпиадасынын чемпиону, канадалык Эрика Вэйбени далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Чечүүчү беттеште ал эстониялык Мае Епп менен кармашат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмактагы кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков армениялык атактуу балбан, бир нече жолку дүйнө чемпиону, Рио-2016 олимпиадасынын чемпиону Артур Алексанянды утуп, финалга чыкты. Жузупбеков 5:0 эсебинде утулуп жатып, кармаштын аягына чейин эсепти 5:7ге айландыра алган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Эми ал алтын байге үчүн грузиялык Георгия Мелия менен кармашат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Финалдык беттештер бүгүн кечинде, Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов сыяктуу балбандар килемге чыгышат.