Чабан. Архив

Манасты эр уулу менен тең кылган Ошпур койчу тууралуу 7 факты

446
(жаңыланган 10:01 16.09.2019)
Манас анда Манас атка коно элек, Чоңжинди деген ат алып жүргөн кезде атасы анын тарбиясыз болуп калганын түшүнүп, Ошпур деген койчуга кайра тарбиялоо үчүн берет.

Биз бүгүн баатырды тарбиялап, ата-энесине, эли-журтуна эр жүрөк, мекенчил адам кылып кайра берген ошол каарман тууралуу 7 факт сунуш кылабыз.

Жакып кан ишенген Ошпур. Бул каарман эпосто койчу деп айтылат, бирок анын койчулук кесиби баяндалбайт, биринчи кезекте тарбиячы катары көрсөтүлөт. Баласынын тарбиясыз болуп жатканын байкаган бай Жакып байбичеси Чыйырдыга мындай дейт: "Аңдасам балаң акыл аз, жөнүн таппайт, дөөлөт мас, тил азар деймин, динге кас, мал азабын балага, бир тарттырып көрөлү, жайлоодогу койчуга, алты ай малай берели, эркелетип олтурбай катыктырып көрөлү, сөз айтууга жатыксын, сөөгү бышып катыксын, малдын баркын билгизип, малай кылып киргизип, дүнүйө баркын билгизип, түк кап барып киргизип, Ошпур деген койчу бар, оңдоп койсун ошолор". Көрүнүп тургандай, Чоңжинди деп аталып жүргөн балада терс сапаттар ("акыл аз", "жөнүн таппайт", "дөөлөт мас", "тил азар", "динге кас", "жүрүп кетет кээ бирде бир ай да колун жуубастан", "арам-адал түк билбейт", "басып жүрөт кээ күнү байлатпаган жиндидей") пайда болуп, бала ошого калыптанып келе жатат, аны эми ушундайда оңдоо керек, ал үчүн бала "эркелебесин", "катыксын", "сөз айтууга жатыксын", "сөөгү бышып катыксын", "малдын баркын билсин", "малай барып кирсин". Ал эми андай тарбиясыз абалдан чыгаруунун бир жолу — Ошпурга малай катары берүү.

Ошпурдун тарбиялоо усулдары жана формалары. Байлыгы ашып-ташкан кан Жакып эмне үчүн кенедей баласын алыстагы койчуга берип жатат? Берип жатып "Кээде ач болсун, кээде ток, кеби тийсе ур да, сок" дейт. Бул келечекте баатыр болор баланын камын көрүү: биринчиден, бала ата-энесинен канчалык алыс болсо, ата-энени, мекенди ошончолук сагынуу сезими менен өсөт; экинчиден, койчу баланы жумшап, эмгекчилдикке тарбиялайт; үчүнчүдөн, тамак-аш кайдан келерин бала жашынан түшүнөт; төртүнчүдөн, анын ата-энеге эркелөөсү жоголот. Анан ал Кадообай уулу Чегебай менен бирге козу кайтарып, акысына мал кылмак болот. Ошпур туура тарбиялоо үчүн аны малай кылып, козу бактырат, эрте тургузуп, кеч жаткырат ж.б.

"Ошпур" деген сөздүн мааниси. Кыргыз тилинин сөздүктөрүндө "ошпур" деген сөздүн лексикалык мааниси мындай: биринчиси, чийки заттан (сырьёдон) темир эритип алганда "бир ошпур", "эки ошпур" деп санашкан экен; экинчиси, унаалардын, көлүктөрдүн начарларын, тез арып калгандарын айткан, мисалы, "ошпур ат", "аты ошпур чыгыптыр" дешет. Карап көрсөк, "Манастагы" Ошпур чын эле али быша элек чийки баладан чыныгы курч темирдей баатырды чыгарып жатат.

Ошпурду Ошпирим деген пикир да бар. Жакып баласын Ошпур деген койчуга берип жатпайбы. Ал жашаган жер азыркы Ош шаары болгон дешет. Бул шаарды эскилер ушу күнгө чейин эле Ошпирим, Ошпир дешет. Бала Манас дал ушул Ошпур койчунукунда жүргөндө чилтендер карышкыр болуп кубулуп бир үңкүргө баштап кетет эмеспи, Ош шаарындагы Сулайман-Такта Кырк-Чилтен аттуу үңкүр мына ошол үңкүр деп айтылат.

Чоңжинди менен Ошпурдун биринчи каршылыгы. Кыргыздарды эзип, алман алып, эркиндикке чыгарбай аткан калмактардын кылганына жини келип, Чоңжинди алардын оттук ташын, бычагын, курун тартып алып койгондо алар малай ээси деп Ошпурга даттанып келет. Муну уккан жана калмактардан корккон Ошпур: "Ойноп алсаң бере кой, оттук менен бычагын, ушу бейлиң бар болсо, сени ойрон кылып бычамын", — деп катуу тилдейт. Анын бул сөзү балага катуу тиет жана Ошпурга тике карап, алар олжо экенин айтып, олжо кайра кайтпай турганын, жолдош балдарына бөлүп берип койгонун айтат.

Манас эпосу. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Ошпур баланы тарбиялоодон баш тартканы да бар. Чоңжинди өтө эле копол, кайра тартпас, баш ийбес, тентек боло берет. Ошпур болсо бай Жакыптан коркот, балага катуу айтуудан тайсалдайт, ошондо эмне кыларын билбей бул балээден кутулайын деп, анын жаман жүрүм-турумун бүт айтып берет, "балаңды кайра өзүң ал, өзүң албасаң, аз күн койсоң угасың аксакал Ошпур өлдү деп" деген таарынычын билдирет.

Манасты тарбиялоодо Ошпурдун эмгеги чоң. Бул тууралуу эпосто "Ошпурга барып көк жалың, эрешен тартып, эр болду, эр уулу менен тең болду" деп айтылат. Кан Жакыптын алдына койгон максатына дал ушул каарман жеткирген, анын уулу Ошпурдун тарбиясы менен мекенчил, согушка дасыккан инсан катары калыптанган.

446
Белгилер:
факты, тарбия, Манас эпосу
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (307)
Тема боюнча
Сагынбайдын Манасы жазылбай калмак. Фольклорчу Каюм Мифтаков тууралуу 6 факты
Атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок эр Сыргак тууралуу 9 факты