Преподаватель английского языка в одном из ВУЗов Китая, кыргызстанец Курманбек уулу Каниет

Кытайда англис тилинен сабак берген кыргызстандык мугалим. Кызыктуу маек

1339
(жаңыланган 10:01 16.09.2019)
Кыргызстандык Курманбек уулу Каниет 14 жылдан бери Кытайда жашап, Нанкин шаарындагы ЖОЖдордун биринде англис тилинен сабак берип келет. Ал жакынкы жылдары кайра мекенине кайтып, өз өлкөсүндө эмгектенүүнү пландоодо.

Лингвист, котормочу жана агартуучу мекендешибиз менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курган.

Преподаватель английского языка в одном из ВУЗов Китая, кыргызстанец Курманбек уулу Каниет
© Фото / из личного архива Каниета Курманбек уулу
Курманбек уулу Каниет 14 жылдан бери Кытайда жашап, ал жактагы ЖОЖдордун биринде сабак берип келет

— Кандайча Кытайга барып агартуучулук ишти аркалап калдыңыз?

— 2006-жылга чейин Кыргызстанда чет элдик долбоорлор менен иштешип жүрчүмүн. Бир жолу Баткен облусунда германиялыктардын долбоору менен иштеп калдым. Ошол учурда Геральд Гюнтер деген жетекчим экөөбүз жумуш менен эки жакка көп чыгып калчубуз. Ал киши Кытайда бир жарым жыл жүрүп келип, коңшу өлкө тууралуу көп жакшы сөздөрдү айтчу. Мен болсо аймактарды өнүктүрүү боюнча иш алып барчумун. Гютер "чыныгы өнүгүүнү көргүң келсе Кытайга барышың керек" дечү. Биз үчүн кытай тарыхы, маданияты табышмактуу да, мага алардын тили менен басып өтүп жаткан жолу кызык болду. Башында эки кызым, келинчегим болуп бир жылга баргам. Туз насип этип, 2006-жылы ал жактагы билим берүү борборлорунун бирине жумушка кирдим. Ошондо кыздарым кытай тилин өздөштүрсө экен деген тилекте кеткенбиз. Кийин бир жылдык мөөнөт жетишсиз болуп, убакыт өтүп, 14 жылдан бери ошол жактабыз.

— Ал жакта жогорку окуу жайлардын биринде эмгектенет экенсиз, Кытайдагы билим берүү системасында кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

— Ооба, Нанкин технологиялык институтунда иштейм. Чындыгында биз ала турган өзгөчөлүктөр өтө эле көп. Мени бир нерсе аябай таң калтырды, Кытайда балдардын артынан түшүп кууп окутпайт. Мектепте же жогорку окуу жайда болобу, балдар өздөрү окушат. Бул алардын билимге болгон кызыгуусу, талабы күчтүү экендигинен кабар берет. Алар билимсиз эч кандай өнүгүү болбой тургандыгын аңдап сезишет, бул түшүнүктүн калыптануусуна үйдөгү тарбия да түрткү.

Кыргызстанда 1990-жылдары билимге болгон кызыгуу төмөндөп, базарда соода кылуу жогору туруп калбады беле. Кытайлыктар бир же экиден гана балалуу болгондуктан ата-энелер алардын билим алуусуна аябай көп акча сарпташат. Балдарды калыптандырып, аң-сезимин өстүрүүгө жана билимин жогорулатууга болгон күч-аракетин жумшайт. Кытайдагы ЖОЖдордо студенттердин жөн эле басып жүргөнүн көрбөйсүң, бир нерсе билип алайын деп эле чуркап жүргөн жаштар. Башталгыч класстагылардын окуусу эртең менен сегизде башталып саат 16.00дө бүтөт. Кийинки жылы менин уулум 5-класска кирет. Күндө саат кечки алтыга чейин окуй баштайт. Башка бир нерсеге алаксыганга убактысы болбой калат. Үйгө келгенден кийин бир сааттай эле бош убактысы болуп, андан кийин үй тапшырмаларын жасайт. Ал эми жогорку класстагылар эртең мененки тогуздан кечки тогузга чейин мектепте. Балким, ошондон улам коомдо терс көрүнүштөр аздыр.

— Кытайча эркин сүйлөп калсаңыздар керек?

— Ооба, бирок диалектилер көп болгондуктан кээде кыйналып калабыз. Ал эми иероглиф менен жазып, окуй албайбыз. Анткени жумуштун аркасынан жүрүп тил үйрөнгөнгө аракет кылган жокмун. Азыр деле кеч эмес, буюрса, аны деле өздөштүрсө болот.

Преподаватель английского языка в одном из ВУЗов Китая, кыргызстанец Курманбек уулу Каниет
© Фото / из личного архива Каниета Курманбек уулу
Курманбек уулу Каниет: кытайлыктар бир же эки гана балалуу болгондуктан ата-энелер алардын билим алуусуна аябай көп акча жумшашат

— Сиз иштеген ЖОЖдо кыргызстандык студенттер барбы?

— Азырынча биздин институтта окуган мекендештер жок. Себеби Кыргызстандагы ЖОЖдор менен биздин окуу жайдын ортосунда макулдашуу жок. Бирок мен эки жылдан бери биздин жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аракетин көрүп жатам. Буюрса, Бишкекке декабрь айында Кытайдан делегация келет, биз энергетика тармагына керектүү адистерди даярдаган университет менен кызматташууну көздөп жатабыз. Нанкин технологиялык институту электр машина, жол куруу, энергетика, курулуш боюнча мыкты адистерди даярдайт. Келечекте бизде да ошондой күчтүү жумушчулар болуп, өндүрүш бутуна турса экен деген тилек бар. Азыркы учурда шаарда 150дөй кыргыз бала окуйт. Нанкин билим берүү тармагында аябай эле белгилүү шаар, ал жакта ар кыл багыттагы окуу жайлар көп болгондуктан академиялык шаар деп да коюшат.

— Сиз айтып жаткан 150 студент акысыз окуса керек?

— Алар менен кээде чогулуп баарлашып калабыз. Дээрлик 80 пайызы гранттык негизде окуса, калгандары өз чөнтөгүнөн төлөшөт.

— Коңшу өлкөгө барганда кандай кыйынчылыктар болду?

— Жаңы барганда жергиликтүү элдин үрп-адаты, жашоо стили, көчөдө өздөрүн алып жүрүүсүнө таң калгам. Анан, ачыгын айтканда, кытайлар бизге окшоп нанды көп жешпейт, ошол жагы кыйын болду. Тил жагынан кыйналдык. Бир чети туура болуптур деп калам, чет жактагы турмушту алып кетүү үчүн адам тилди өзүнөн өзү эле үйрөнөт экен.

— Агартуучулуктан сырткары да илимий иштер менен алектенесизби?

— Тилдерди салыштыруу боюнча кичине эмгектер бар. Күнүмдүк турмушта кыргызча сөздөр менен кытай тилиндеги айрым сөздөрдүн окшоштугун байкап калып жатам. Мисалы, биз "эже" деп айтып жатсак, кытайлыктар "же" дешет. Андай сөздөр өтө көп. Эгер этимологиясын сүрүштүрсө айкалыштыктар чыгабы деп ойлоп жатам. Анан көбүнчө мен англис тили боюнча адис болгондуктан да Кыргызстандын жалпы билим берүү системасына керектүү материал даярдайын деп турам. Эки ЖОЖдо иштегендиктен убакыт тар болуп жатат.

Преподаватель английского языка в одном из ВУЗов Китая, кыргызстанец Курманбек уулу Каниет
© Фото / из личного архива Каниета Курманбек уулу
Кыргызстандык мугалим кытай жаштарына англис тилинен сабак берет

— Кытайда иштеп, жашаганыңызга 14 жылдай болуп калыптыр. Сиздин баамыңызда биз алардан эмнени үйрөнүшүбүз керек?

— Биринчиден, эмгекчилдигин үйрөнүшүбүз керек. Кытайлыктар аябай мээнеткеч келишет. Экинчиден, башка тармактарда иштегендерди билбейм, билим жаатында жүргөндөр убакытка аябай так. Биз, кыргыздар, азыр деп коюп эки сааттан кийин жолугушубуз мүмкүн. Алар андай эмес, убакытты жакшы үнөмдөшөт. Жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгүнүн оозунан "биз убакытты эле ута албайбыз, калганынын баарын жеңебиз" дегенин угуп калабыз. Мындан сырткары, жаратмандыкка умтулуп турушат.

— Кыргызстанга качан кайтып келесиз?

— Улуу кызым Италиянын Ремини шаарындагы университеттердин биринде 3-курста окуйт. Кийинки кызым жаңы эле мектепти бүтүп, Нанкин шаарындагы ЖОЖго тапшырды. Уулум болсо мектепте билим алууда. Дагы 4-5 жыл жүргөндөн кийин кайра өз элибизге келип кызмат кылсак деген оюм бар.

1339
Белгилер:
маек, Кытай, билим берүү, Кыргызстан
Тема боюнча
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм
Москвадагы официант Эржан бокс боюнча Евразия чемпиону аталды. Спортчунун маеги