Ала-Арча паркында бараткан туристтер. Архивдик сүрөт

Непалдык гид Кыргызстандагы туризмдин негизги көйгөйүн атады. Маек

694
(жаңыланган 10:06 16.09.2019)
Кыргызстан менен Непалдын окшоштуктары, КРдин туристтик бизнеси эмнеден аксап келе жатканы, өлкө чет элдиктердин көңүлүн кантип бура алары туурасында Катмандудан келген туристтик гид Пасанг Шерпа айтып берди.

Пасанг Шерпа Кыргызстанга иш менен келген. Туристтерге Ленин чокусун багындырууга жардамдашты. Кыска убакыт ичинде эле ал аскага эки ирет чыгып, көргөн кооздугуна суктанып бүтө албай жүрөт.

— Кыргызстандан алгач алган таасирлериңиз кандай болду?

— Кыргызстандын жаратылышынын Непалдыкына аябай окшоштугуна таң калдым. Биздин өлкө да тоолуу, тек гана тоолордун боору силердикинен бийигирээк. Шаарыңар да жапжашыл экен. Борбор калааны толук кыдырууга үлгүрбөдүм, бирок суктанарлык жерлер көп көрүнөт. Себеби мен тоо баласымын.

Гид болуп иштейм, улам жаңы мамлекеттерди, алардын маданиятын, элин бир нече миң метрлик бийиктиктерден таанып келе жатам. Көбүнесе тоодо болдум, тоолоруңар көз жоосун алат. Бул чөйрөдө көптөн бери жүрөм, кооздугунан тегин жерден кеп салганым жок.

Убакыттын көп бөлүгүн тоодо өткөрүп, жүрүштөрдө туристтер менен иштешкендиктен, жергиликтүү ашкана жана маданият менен тааныша элекмин, ал эми тоо башында бир өңчөй тамактар болот эмеспи.

— Кыргызстандагы ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз.

— Мекеним Непалда жамгырдан улам туристтик сезон токтогон, мындан улам тоо коштоочусу катары мени Кыргызстанга убактылуу жумушка чакырышкан. Азырынча бул жакта өзүмдүн сүйүктүү ишим менен алекмин. Кыргызстанда баш-аягы эки айдан ашык жүрдүм. Жергиликтүү калк менен эмес, бул жактагы аскаларды багындырууга белсенген чет элдик туристтер менен иштештим. Алардын тобу менен Ленин чокусуна эки ирет чыгып келдим. Бул Борбор Азиядагы эң бийик тоолордун бири. Кооздугу көз тайгылтат, ага чыгуу татаалдыгы орточо, өйдө көтөрүлүү абдан ыңгайлуу.

— Жүрүш убагында кооптуу жагдайлар болдубу?

— Тоого чыгуу дайым тобокелдик жаратат. Ага кандай көз карашта болосуз, баары ошого жараша. Гиддин милдети — жолдогу бардык көйгөйлөрдү чечүү. Жолдуу экенмин, болгон кыйынчылыктарга күйүп-бышпаган жакшы топторго туш болдум. Түнкүсүн оор жүктөр менен чыгып баратканбыз, жолдон атыбыз чуңкурга түшүп кетип, аны жалпылап жатып чыгардык. Бул жакта иштөө мага жакты, абдан жакшы тажрыйба болду.

— Кыргызстан менен Непалдын дагы кандай окшоштуктары бар?

— Эки өлкө тең ажайып кооз, себеби аймагынын басымдуу бөлүгүн тоолор ээлейт. Непал негизинен өз территориясындагы тоолордун саны боюнча алдыңкы сапта турат. Эверест менен Аннапурна сымал жана сегиз миңдик бир нече чокуга бай.

Кыргызстан менен Непал көп улуттуу да келет. Ар кыл диний ишенимдеги адамдар бир аймакта ынтымакта жашап, бири-бирин кабылдай алат. Бул негизи эле Азиянын бөтөнчөлүгү.

Непал — Азиядагы өтө өзгөчө бир өлкө. Индияга жакындыгы жана көз карандылыгы болгонуна карабастан, өлкө өзүнчө бир керемет, бөтөнчөлүккө ээ. Кыргызстандыктардын ар бирин биздин өлкөгө келип кетүүгө кеңеш берер элем. Башка азиаттардай эле абдан меймандоспуз, жаңы таанышууларга кубанабыз.

Непал боюнча дагы бир кызык факты. Калктын көбү туризм жаатында эмгектенет. Бүгүн бул ишке аралашкандардын баарын "шерп" деп коюшат. Кайсы бир кезде Эвересттин айланасындагы элди ушундай аташкан экен. Гималайдын байыркы жашоочуларынан. Алар тоо чокуларын дүйнөгө тааныла электе эле багындырышчу (жылмайып). Кийин туризм өнүгө баштады, чет элдиктер шерптердин тоо чокуларына чыгууда мыкты жардамчылар экенин байкашкан. Алар тоо жүрүштөрүндө алмашкыс коштоочулар. Шерптердин организми бала чагынан климаттык өзгөчөлүктөргө көнгөн. Убакыт өткөн сайын туризмде иштеген непалдыктардын саны артты, ал эми чет элдиктер бул иш менен алектенгендердин баарын шерп деп атай башташкан.

— Кыргызстанда экология маселеси курч. Туристтер жаратылыш койнун кирдетип, желим баштык жана башка таштандыларга толтуруп кетишет. Непалда мындай көйгөй жоюлганбы? Индияга жакын болгону менен сиздерде алда канча таза. Туристтердин тынымсыз аккан шартта мындай көрүнүш кантип жолго коюлган?

— Биздин өлкөдө табиятты таза кармоо көйгөйү алигүнчө өтө курч. Жергиликтүү эл да, туристтер да таштанды ыргытат. Таштанды чыгаруу кызматы болушунча ыкчам иштейт. Менимче, маселенин баары тарбияда.

Жаратылышта жүргөндө тазалыкка тоо гиддери жооп берет, ишке алып жатканда компания эң маанилүү пунктту баса белгилеп жазат: агенттиктин ар бир кызматкери жүрүштө кокус зарыл болсо, өзүнүн бардык кардарларынын аркасынан тазалоого тийиш. Тоого чыкканда жаныбызга таштанды топтоого атайын каптарды алабыз.

Ааламдын эң бийик Эверест тоосуна чыкканыңда желим баштык, бөтөлкөлөрдү көргөнүң жан кейитет. Табиятка ушунчалык кадырлабас, илээнди мамиле кылган адамдарга түк түшүнбөйм. Андай жоруктардын кесепети эмнеге алып келерин адамдар эң сонун билишет, бирок баары бир желим буюмдар менен жаратылышты булгап кете беришет.

Эл дагы бир бөлөк көйгөйдү оозанып калды: глобалдык жылуулук. 20 жыл мурун мөңгүлөр азыркыга караганда бийигирээк болчу. Түбөлүк тоңуп турган жерлер эрип барат. Менин неберелерим түбөлүк мөңгүлөрдү көрбөй калат го деп кооптоном.

— Тоолордо тоңуп калган адамдардын сөөгүн табышары чынбы?

— Кыргызстанда андай жок. Тоодо каза болгондордун баарынын сөөгүн бийлик же туристтик ишканалар дароо эле таап, туугандарына өткөрүп берет. Туугандары издөөдөн баш тарткан учурларды укканым бар. Алар муну маркумдун тоолорду сүйгөнүн айтып, сөөгү алардын койнунда түбөлүк калсын деп негиздешет.

Кесиптештерим адамдардын сөөгүн Монбланга чыгууда франциялык Альпы тоолорунан көп көрөсүң деп калышат. Непалдагы тоо боорунда жыл сайын кишилер каза табат. 2017-жылдын жазгы сезону аяктаганда Эверестте эле 10 киши набыт болуп, ал эми соңку 25 жылда дүйнөнүн эң бийик чокусу 200 альпинисттин өмүрүн алган. Кайгылуу окуяга табигый кырсыктар, тажрыйбанын, тоого чыккандардын даярдыгынын жетишсиздиги себеп болот.

Тоолордо дайым тобокелдик бар. Улам 400-500 метрге көтөрүлгөнүңдө сени эмне күтөрүн болжой албайсың. Мага Ленин пиги жеңил сезилди, ага чыгуу оңой.

Негизи эле альпинизм дүйнөсүндө непалдык тоо коштоочуларына талап күч. Тажрыйба топтоо үчүн атайын Альпы тоолоруна баргам. Бул кесипке абдан жакшы даярдашат, тоого ар бир чыкканымда ошол жактан алган тажрыйбамдын пайдасы тиет.

Кыргызстандагы ишим чет жердеги алгачкы тажрыйбам болду. Келечекте тоо коштоочуларынын эл аралык лицензиясын алууну пландайм. Ошондо дүйнөнүн каалаган бурчунда иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралат. Азырынча менде Непалдан алган гана лицензиям бар.

— Тоого чыгуу абдан кымбат деген көндүм пикир бар. Чокуну багындырууга орточо канча кетет?

— Тоого чыгуу чындап эле арзан ырахат эмес. Бул кызмат көрсөтүү кадыресе тейлөөгө кирбейт эмеспи. Эбегейсиз бийиктикке чыгасыз, андай ажайып кооздукту бир көрүү короткон акчаңызга арзыйт. Айтор, чыгымдардын эң көп бөлүгүн адатта, эл аралык каттамдын чыгымдары жана тоого ылайык кийим-кече түзөт.

5-7 миң метр бийиктикте өзүңдү ыңгайлуу сезүү үчүн атайын кийим жана бут кийим зарыл. Кийим-кечеси кымбат, бирок алар ушунчалык сапаттуу, саякаттан кийин деле бир топ жыл кийилет.

Аскаларды багындыруу бааларын интернеттен табууга болот, бул маалымат ачык. Чокуга чыгууга орточо эки миңден сегиз миң долларга чейин кетет. Оңой эмес акча, бирок ушунча жылдан бери тоого чыгууга сарптаган чыгымына өкүнүп калган кишини кезиктире элекмин.

— Непал туризм жаатында ийгиликке жеткен, кирешени жогорулатуу үчүн кыргызстандык бизнесмендерге кандай кеңеш берер элеңиз?

— Туристтик бизнести ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар. Кооз тоолор, дайралар, укмуштай көлдөр — булардын баары бааланат. Жеке менин көз карашымда жергиликтүү калкты өнүктүрүү керек. Маданиятыңыздар бай, бирок андан баяндап берүү үчүн тил билүү абзел. Көпчүлүк чет элдиктер коштоочу жана котормочуга акча короткулары келбейт, ал эми Кыргызстанда эки-үч апта жашап кыргызчаны же орус тилин үйрөнүп кете албайт. Ошондуктан мыкты чечим — жергиликтүү калктын эл аралык тилди билиши.

Андан сырткары, эң эле жөнөкөй чындык бар, эгер табият кооздугунан акча табууну пландасаңыз, аны сактоого да тийишсиз. Экология көйгөйлөрү туурасында сурабадыңызбы, алдыда алар дагы арбыйт. Маселени эмитен чечүү зарыл.

Көбүнесе жаратылышты чет элдик меймандар эмес, эзелтен жашаган эл булгайт. Тилекке каршы, мындай көйгөйдү көз ачып-жумганча чечип койчу ыкма жок. Мында тыкыр пландалган, жай, натыйжада үзүрүн бере турган иш зарыл.

694
Белгилер:
көйгөй, тил, жаратылыш, тазалык, чоку, тоо, гид
Тема боюнча
Укмуш кооз экен, кеттик! Ысык-Көлдүн 13 эң мыкты жери
Депутат: Көлдөгү пансионаттар туристтердин коопсуздугуна кайдыгер