Биринчи жолу! Ири концерттен кийин эски аянттан таштанды дээрлик чыккан жок

© Sputnik / Табылды КадырбековПятый фестиваль классической музыки Tengri Music на Старой площади Бишкека. Архивное фото
Пятый фестиваль классической музыки Tengri Music на Старой площади Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын эски аянтында Tengri Music Festival иш-чарасы өтүп, ага шаар тургундары менен меймандары күбө болушкан. Сахнадан Москва мамлекеттик симфониялык оркестринин артисттери өнөр тартуулашты.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектин эски аянтында өткөн классикалык музыканын Tengri Music Festival аттуу концертинен кийинки таштанды бир тоннага чыкпаганын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Instagram баракчасына жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Жибек Каракеева (@jibek_karakeeva)

Москвадагы Манастын эстелигин элчиликтин кызматкерлери жууп-тазалады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы Манастын эстелигин элчиликтин кызматкерлери жууп-тазалады. Видео
Белгилей кетсек, фестиваль 12-14-сентябрда өткөн Москва күндөрүнүн алкагында ачык асман алдында тартууланды. Сахнага Москва мамлекеттик симфониялык оркестринин артисттери дирижёр Иван Рудин жана Алексей Чуйковдун жетектөөсүндө чыгышты. Бишкектиктер дүркүрөгөн кол чабуулар менен солисттер Полина Шамеева менен Владимир Кудашевди тосуп алышты. Ошондой эле концертте Петр Востоковдун жаз оркестри дагы элдин маанайын көтөрдү.

Каракеева бишкектиктердин эс алуу маданияты жогорулап бара жатат деген пикирин билдирген.

“Баары таза, тыкан болду! Бишкектиктер маданияттуу эс алганды билет. Тазалык үчүн рахмат!” — деген маалымат катчы.

“Тазалыктын” өкүлү барган сайын ири иш-чаралардан кийин акыр-чикир азая баштаганын кошумчалады.

Ал эми Sputnik аталган фестивалга барып, ал жактагы элдин маанайын байкап келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0