БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажик тарап бир тараптуу негизде "Кулунду" көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бул туурасында Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
"Бирок бул чектөөнүн үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар аталган көзөмөл өткөрүү жайын кесип өтө алышат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 2019-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Кулунду" көзөмөл өткөрүү жайынан башка бекеттер кадимки тартипте иштеп жаткандыгы айтылды.
Ушул тапта окуя болгон жерде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган аткаминерлер жүрөт.
Кыргыз жана тажик өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууга ылайык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде беш көзөмөл-өткөрүүчү жай жайгашкан.
"Кулунду" көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу, күнү-түнү иштейт. Ал Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан.