Көлдүн Чоң-Сары-Ой айыл аймагына кар жаады. Видео

© AFP / JOHANNES EISELEЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдыктар буга чейин алма, алмурут терип сатууга үлгүргөн, кышкыга сактала турган мөмөлөрүн жыйнай элек болчу.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагына бүгүн эртең менен кар жаады. Бул туурасында жергиликтүү тургундар кабарлап, видео жиберишти.

Аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Гүлмира Ормукова саат 7:30дарда катуу жаап баштаган кар бир жарым саатта токтогонун билдирди.

Анын айтымында, учурда айыл өкмөт башчы бардык тиешелүү кызматкерлер менен айылдарды кыдырууда. Тургундар буга чейин алма, алмурут терип сатууга үлгүргөн, кышкыга сактала турган мөмөлөрүн жыйнай элек болчу. Жааган кар кайра эрий баштады.

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө Бает, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Чок-Тал, Сары-Ой айылдары кирет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0