Кыргызстанда окуу китептери боюнча көйгөйдү анализдеген ири баяндама чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековПригородная средняя общеобразовательная школа
Пригородная средняя общеобразовательная школа  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда окуу китептерин чыгаруунун финансылык булактары, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк берген каражаттарга да сереп салынат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанда окуу китептерин чыгаруу маселеси, бул жааттагы мыйзамдык база, анын тартибин аныктаган нормалар, китепти чыгарууга катышкан тараптардын милдеттери, жоопкерчиликтери анализделген баяндама чыкты.

Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек - Sputnik Кыргызстан
Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек
"Кыргыз Республикасында мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу маселелери" деген аталыштагы жаңы эмгек Булан институтуна таандык.

Баяндамада мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр, соңку кездери кеткен каталардын жана мүчүлүштүктөрдүн себептери боюнча сөз болот. Анда окуу китептерин чыгаруунун финансылык булактары, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк берген каражаттарга да сереп салынат.

"Биздин анализдер мамлекет катары Кыргызстан окуу китептерин иштеп чыгуу, тандоо, бекитүү жана чыгаруу боюнча ырааттуу мамлекеттик система түптөй албагандыгын көрсөттү. Буга биринчи кезекте Билим берүү жана илим министрлигинин ишти уюштура албаган шалаакылыгы жана кесипкөй мамиле жасай албагандыгы себеп болууда", — деген Булан институтунун Женева шаарындагы директору Чолпон Орозобекова.

Баяндамада мындай кемчиликтер бир нече жылдан бери келе жаткандыгы айтылган.

"Бул катачылыктар соңку он-он беш жыл ичинде системалуу орун алып келип, Дүйнөлүк банк берген каражатка 5-6-класстардын окуу китептерин 3,5 миллион нускада чыгаруу процесси чоң сыноо болду. Баяндамада ондон ашык корутундуларды жаздык, жаңы эле ишке киришкен министр Каныбек Исаков биздин сунуштарды эске алуу менен бул багытта чечкиндүү кадамдарга барат деп ишенебиз", — деген Орозобекова.

Булан институту баш кеңсеси Женева шаарында жайгашкан изилдөө институту болуп саналат. Аталган институт соңку жылдары билим берүү системасына, диний багыттагы билимге байланышкан бир нече баяндамаларды жарыялап, коомдук талкуу жаратууда. Ал эми аталган баяндама менен Булан институтунун сайтынан тааныша аласыздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0