УКМК имараты. Архивдик сүрөт

Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди

2778
(жаңыланган 09:41 18.09.2019)
Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Максат чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланышкан эки мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат.

Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Максат чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Муну менен катар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды атайын курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу массалык башаламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Андыктан абалды чыңалта турган маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берерин белгилейт.

Жаңжалдын тутанышы

Эске салсак, 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, 13 кишинин жаракат алганы кабарланган. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо — жай тургундар. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, жаракат алган жай тургундардын саны жетиге жеткен. Алардын баарына медициналык жардам берилип, Исфана шаарындагы райондук ооруканада жаткан 10 бейтап Бишкекке жөнөтүлдү. Эки аскердин абалы оор. Ушу тапта окуя болгон жерде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган аткаминерлер жүрөт.

Тажик тараптын версиясы

Чек ара жаңжалы боюнча Тажикстандын расмий органдары да билдирүү жасады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери ок атууну кыргыз тарап биринчи баштаганын билдирген. Маалыматка ылайык, кыргыз тарап 16-сентябрда саат 18:45тер чамасында Бахор аймагындагы спорт аянтчасына курулуш иштерин баштаган. Жергиликтүү тургундар (тажик тарап) курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан.

Маалыматта эки тараптуу жетишилген макулдашууларга карабай Кыргызстандын куралдуу күчтөрү кошумча 250-300дөй аскерди тартканы айтылат. 16-сентябрда болгон жаңжалда тажик тараптан да жаракат алгандар бар экенин ЖМКлар жазууда.

2778
Белгилер:
ЖМК, социалдык тармак, эскертүү, чакырык, УКМК
Тема:
Максат жана Сай чек ара бекеттерине атылган ок (40)
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган он киши Бишкекке жөнөтүлдү
Жээнбеков: чек ара чырын эл аралык-укуктук алкакта чечели