Өлкөнүн кайсы аймагы кандай дарыгерге муктаж? Статистика

Жазылуу
Талас облусунун дээрлик бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акушер-гинеколог жокко эсе. Мындан сырткары, аймактарга анестезиолог-реаниматологдор жетишпейт.

Эсиңиздерге салсак, бир ай мурда соцтармактагы "Дарыгер эс алууга кетти. Оорукана убактылуу иштебейт" деген кулактандыруу колдонуучулар тарабынан катуу сынга алынган. Колдонуучулар "Дарыгер эс алууга кетип калса эле оорукана бир ай иштебей калабы, эл кайда, кимге көрүнөт?" деген нааразы пикирлерин жазышкан.

Бул оорукана Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында жайгашкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алиаскаров окуя боюнча маалымат берип жатып, тоолуу аймакта дарыгерлер аз, жетишсиз экенин баса белгилеп кеткен.

Учительница средней школы - Sputnik Кыргызстан
Президент быйыл күздө мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көбөйөрүн айтты
Мындай көрүнүш жалгыз Ак-Талаа районунда эмес, өлкөнүн бардык аймактарында курч экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги да ырастайт.

Бул окуядан кийин Sputnik Кыргызстан агенттиги министрликке кайрылып, кайсы аймакта кандай дарыгерлер жетишсиз экенин билип көрдү.

Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылга карата берген маалыматына таянсак, дарыгердин орточо айлык акысы 15 434 сомду түзөт. Ал эми саламаттыкты сактоо системасында иштеген кызматкерлердин орточо маянасы — 10 314 сом.

Таласта акушер-гинеколог жокко эсе

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2019-жылдын башына карата берген маалыматын карасак, калкка жалпы жонунан 13 620 дарыгер, 34 084 орто медициналык билими бар адис медициналык жардам көрсөтөт экен.

Облустар боюнча алып караганда, Нарын облусунун Нарын району, Ысык-Көл облусунун Түп, Талас облусунун Манас жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондорунда дарыгерлер башка аймактарга салыштырмалуу жетишсиз.

 

Өлкөнүн кайсы аймагында дарыгерлер жетишпейт? пайыз менен, 10000 кишиге
Өлкөнүн кайсы аймагы кандай дарыгерге муктаж? Статистика - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн кайсы аймагында дарыгерлер жетишпейт? пайыз менен, 10000 кишиге

Дарыгерлердин жетишсиздигинен аймактарда пенсия курагына келип калган медиктер иштеп жатышат. Кыргызстанда учурда пенсия алдындагы, пенсияга чыккан дарыгерлер жалпы сандын 63,2 пайызын түзөт. Айрыкча бул көрсөткүч Нарын облусунда жогору. Тоолуу аймактагы дарыгерлердин жарымы - улгайып бараткандар.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дем кысылат, жаак талыйт... Инфаркттын алгачкы белгилери айтылды
Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча өлкөдө 2 202 дарыгер жетишсиз. Башкача айтканда, 810 үйбүлөлүк дарыгер, 39 акушер-гинеколог, 53 дарыгер-фтизиатр, 34 инфекционист, 30дан ашык офтальмолог, иммунолог, отоларинголог жетишпейт.

Талас облусунун Кара-Буура районунан башка аймактарынын дээрлик бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акушер-гинеколог жок. Андан сырткары, республика боюнча анестезиолог-реаниматологдордун жетишсиздиги курч турат.

Анестезиолог-реаниматологдор жетишпеген КРдин аймактары
Өлкөнүн кайсы аймагы кандай дарыгерге муктаж? Статистика - Sputnik Кыргызстан
Анестезиолог-реаниматологдор жетишпеген КРдин аймактары

Көйгөйдөн арылуу жолдору

Аймактарда медициналык адистердин жетишсиздигин жоюу максатында жаш дарыгерлерге атайын депозит программасы иштеп жатканы маалым болду. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилованын айтымында, элет жергесине иштегени барган жаш адистерге айлыктан сырткары кошумча акча төлөнөт.

"Өкмөттүн депозит программасынын алкагында, алыскы аймактарга барып иштөөнү каалаган жаш дарыгерлердин атына атайын депозиттик эсеп ачылат. Ага ай сайын эмгек акыдан сырткары кошумча акча которулат. Бүгүнкү күндө депозиттин көлөмү болжол менен 3000 сомдун тегерегинде", — деди Исмаилова.

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук статком: тукумсуздукка алып келчү илдет 20-29 жаштагылардан көп табылууда
Учурда "Дарыгерлерге депозит" программасына жалпы 170 жаш адис киргизилген. Анын ичинен Нарын облусуна 18 дарыгер, Баткенге 44, Жалал-Абадга 37, Ош облусуна 29, Ысык-Көлгө 17, Таласка 17 жана Чүй облусуна 8 дарыгер бөлүнгөн.

Алыскы район, айылдарга медиктер атайын программа аркылуу жөнөтүлгөнү менен аларды турак жай менен камсыз кылуу маселеси көйгөй жаратып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумчалады.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаш кадрларды жер-жерлерге бекитүү боюнча жетишерлик иш алып барбай жатышат", — деп жазылат маалыматта.

Мындан улам жаш дарыгерлер оорукана, ФАПтын имаратынан жатакана катары бир бөлмө алып, убактылуу баш калкалап иштөөгө мажбур.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0