Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна  барып, кыргыз-тажик чек арасында ок жеп борбор калаага алып келинген бейтаптардан кабар алды

Жээнбеков чек арада ок жеп Бишкекке алып келинген бейтаптарды көрдү. Сүрөттөр

359
(жаңыланган 12:11 18.09.2019)
Жалпы жонунан чек ара чырынан бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Анын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо жай тургун экени айтылган. Арасында 12 жаштагы бала да бар.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна барып, кыргыз-тажик чек арасында ок жеп борбор калаага алып келинген бейтаптардан кабар алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном, посетив Бишкекский научно-исследовательский институт травматологии и ортопедии (БНИЦТО)
    Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна барып, кыргыз-тажик чек арасында ок жеп борбор калаага алып келинген бейтаптардан кабар алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном, посетив Бишкекский научно-исследовательский институт травматологии и ортопедии (БНИЦТО)
    Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном, посетив Бишкекский научно-исследовательский институт травматологии и ортопедии (БНИЦТО)
    Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном, посетив Бишкекский научно-исследовательский институт травматологии и ортопедии (БНИЦТО)
    Аталган илимий борбордун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном, посетив Бишкекский научно-исследовательский институт травматологии и ортопедии (БНИЦТО)
    Анын билдиргени боюнча, жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном, посетив Бишкекский научно-исследовательский институт травматологии и ортопедии (БНИЦТО)
    Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном, посетив Бишкекский научно-исследовательский институт травматологии и ортопедии (БНИЦТО)
    Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна барып, кыргыз-тажик чек арасында ок жеп борбор калаага алып келинген бейтаптардан кабар алды

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.

Аталган илимий борбордун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди. Анын билдиргени боюнча, жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.

"Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи. Мамлекет башчысы жабыркагандардын туугандары менен да баарлашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаракат алгандарга президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

359
Белгилер:
жардам, оорукана, Сооронбай Жээнбеков, чек ара, Лейлек
Тема:
Максат жана Сай чек ара бекеттерине атылган ок (42)
Тема боюнча
Чек арада жарадар болгондордун бири комада. Бишкекте бешөөнө операция жасалат
Депутаттар чек арада каза болгон жоокердин бүлөсүнө бир күндүк маянасын бөлөт
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу айтылды
Чек ара чырында көз жумган жоокер жерге берилди. Тажияга Абылгазиев катышты
Мектептеги окуучулар. Архив

Кыргызстанда окуучулар кайсы айда мектепке барары айтылды

4588
(жаңыланган 22:40 30.09.2020)
Мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугу медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

Ошондой эле кызматкерлердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар-жогу боюнча анкета толтурулуп турат.

“Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген расписаниеге ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча окутулат. Тагыраагы, сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта уюштурулат. Мисалы, 1-2-класстарда сабак 8.00дө башталса, 3-4-класстар саат 8.30га келишет. Балдардын саны 500гѳ чейин болсо, кезектешүү негизде болот. Мисалы, 1-2-3-класстар 1-кезметте, 4-5-6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да смена боюнча уюштурулат”, — дешти штабдан.

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат.

4588
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

107
(жаңыланган 21:03 30.09.2020)
Бейшембиге караган түнү айрым райондордо жамгыр жаап, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрь, бейшембиде, күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жер көчкөн Кара-Кече көмүр кенине электр жарыгы берилди. Сүрөттөр

Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болот.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаабыз Бишкекте +17...+19, Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

107
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
АКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив

Киевде АКШ элчилигинде иштеген аялдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат

0
(жаңыланган 22:52 30.09.2020)
Алгач полиция аялды өлтүрө сабап кетишкенин билдирсе, кийинчерээк жергиликтүү басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам аны поезд коюп кетиши мүмкүндүгүн маалымдаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинанын борбору Киевде АКШ элчилигинин кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Киев Улуттук полициясынын маалымат кызматы дипөкүлчүлүктүн кызматкери ооруканага токмок жеп түшкөндөн кийин каза тапканын билдирген. Укук коргоо органдары окуянын жагдайын тактап жатат.

Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

Полициядан билдиришкендей, шаршемби күнү Киев шаарынын Шевченко районундагы темир жол каттамына жакын жердеги токойлуу аймакта башынан жаракат алган аял жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка полиция кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү жөнөп кеткен.

"Аял эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылып, кийин ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучунун буюмдарын текшерүү учурунда анын АКШ элчилигинде иштей турганын тастыктаган күбөлүк табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерге кол салышы ыктымал делген адамдын болжолдуу портрети түзүлүп, изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Украина полициясынын өкүлдөрү РИА Новостиге маркумдун жарандыгы тактала электигин билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, аялдын аты Санвер Никаело болгон.

Андан кийин "Цензор.НЕТ" басылмасы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамга таянуу менен элчиликтин кызматкерин поезд коюп кетиши ыктымалдыгын жазган. Аял кулакчын тагынып алып темир жол жакта чуркаганы божомолдонгон.

Ошондой эле маалымат берген киши элчиликтин кызматкери желке тушунан оор жаракат алганын кошумчалаган.

0
Белгилер:
иликтөө, өлүм, кызматкер, элчилик, АКШ, Киев, Украина
Тема боюнча
Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео