УКМК жетекчиси мамкомиссияга Кой-Таш окуясы боюнча купуя документтерди көрсөттү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПрисяга новых членов Правительства в Жогорку Кенеше
Присяга новых членов Правительства в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кийинки жыйынына УКМКнын мурдагы башчысы Адил Сегизбаевди, депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова чакырылат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) имаратында көчмө жыйынга чогулду.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө өтө жашыруун делген документтер менен таанышууга мүмкүндүк берди.

Комиссиянын кийинки жыйынына УКМКнын мурдагы башчысы Адил Сегизбаевди, депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы чакыруу чечими кабыл алынды.

Кой-Таш окуясы

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш окуясы: комиссия Курсан Асанов менен Равшан Жээнбековду укту. Сүрөт
7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, ал ишке ашпай, атайын даярдыктагы бир аскер каза болгон. 8-августта укук коргоо органдары Атамбаевдин үйүнө күч менен кирип, мурдагы президент багынып берген.

Эки күндө болгон окуяларда 136 киши ар кандай жаракат алышкан. Кийин Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын бир нече жактоочусу кармалган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0