Кыргызстанда 1960-жылдан бери абанын температурасы канчага өскөнү айтылды

© пресс-служба мэрии города БишкекГрадусник установленный в Бишкеке в рамках климатического фестиваля "Климат для жизни"
Градусник установленный в Бишкеке в рамках климатического фестиваля Климат для жизни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-27-сентябрь күндөрү дүйнө боюнча климатты сактоо жумалыгы өтөт. Бул күндөрү 150 өлкөнүн тургундары экологияны коргоо максатында көчөгө чыгат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкектин Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта биринчи жолу климаттык фестиваль өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган фестиваль 20-сентябрда саат 15.00дө башталат.

"Жашоо климаты" деп аталган долбоордун алкагында борбор калаага төрт градусник коюлган. Анда 1960-жылдан бери жылдык орточо температура (1,25 градуска көтөрүлгөн) кандай өзгөргөнү жана чара колдонбосо кесепети кандай болору көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул кылымдын аягында абанын температурасы +4...+6 градуска өсөт. Градусниктер мэриянын алдында, Түштүк дарбаза аймагында, "Ала-Тоо" аянтында жана "ГУМ" соода борборунун аймагына коюлган", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалда 30дан ашуун бизнес-коомчулугунан турган туруктуу өнүгүү үчүн жашыл альянстын жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы коомдук уюмдардын мүчөлөрү климатты жөнгө салууга багытталган иш-чараларды өткөрөт.

Пятый фестиваль классической музыки Tengri Music на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Ачык асман алдындагы көңүл көтөргөн концерт. Бишкектеги фестивалдан сүрөттөр
Фестиваль күнү жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү жана ачык асман алдында тасма тартууланат. Экология темасында викториналар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө экобелектер берилет.

Белгилей кетсек, 20-27-сентябрь күндөрү дүйнө боюнча климатты сактоо жумалыгы өтөт. Бул күндөрү 150 өлкөнүн жашоочулары экологияны коргоо максатында көчөгө чыгып түрдүү иш-чараларды уюштурат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0