БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы тыгынды азайтуу үчүн жети көпүрө курулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, пландалган курулуштар темир жолдун үстүнөн өтүп, Сүйүнбаев, Төрөкул Айтматов, Логвиненко, Панфилов, Исанов, Үмөталиев жана Калык Акиев көчөсүндө жасалат. Эки көчөдө темир жол үстүнөн өтчү жолду салуу иштери жакынкы аралыкта башталып калышы мүмкүн.
"Айдоочулар жаңы көпүрөлөр аркылуу шаардын ылдыйкы бөлүгүнө кыйналбай жетип алса экен деп жатабыз. Ал үчүн Логвиненко, Панфилов, Исанов, Үмөталиев жана Калык Акиев көчөсү да Лев Толстой көчөсүнө чыгышы керек. Аларды долбоорлоо кийинки жылга пландалды", — деп жазылат маалыматта.
Ал эми Лев Толстой көчөсү Ауэзовдон Алыкул Осмонов көчөсүнө чейин созулат. Анын аркасы менен Бишкектин чыгыш тарабы менен батышы толук байланышып калат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрында Нарын облусундагы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.