Лампочка. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык өчөт. Тизме

119
(жаңыланган 12:35 20.09.2019)
Электр энергиясын берүү борбор калаанын чок ортосунда, батыш бөлүгүндө жана жаңы конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Эртең, 20-сентябрда, Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-17.00 — 12-кичирайондогу №39 үй;

10.00-18.00 — Кара-Жыгач конушундагы Кара-Жыгач, Ысык-Көл көчөлөрү;

09.30-17.00 — Ахунбаев көчөсүндөгү №94/2 үй, Малдыбаев көчөсүндөгү №32 үй;

09.30-17.00 — Жибек Жолу, Осмонкул, Древесная, Абдыкадыров, Кирпичная көчөлөрү менен чектешкен аймак;

09.30-18.00 — Учкун кичирайонундагы №15, 16, 18, 23 үйлөр;

10.00-15.00 — Суворов, Жданов көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-19.00 — Токтоналиев көчөсүндөгү №45/1 үй;

09.00-18.00 — Ынтымак конушундагы Тогуз, Сакалдуу көчөлөрү;

09.00-17.00 — Тоголок Молдо көчөсүндөгү №6А үйү;

09.00-18.00 — Табышалиев, Коёнкөзов, Москва, Исанов, Пушкин, Сагынбай, Манасчы, Шевченко көчөлөрү менен чектешкен аймак;

09.00-18.00 — Кудрук, Тоголок Молдо, Шорин, Күрөңкеев, Шаумян көчөлөрү менен чектешкен аймак;

09.00-18.00 — Лебедев, Горький, Кунанбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.00-18.00 — Ак-Өргө конушундагы Көкөмерен көчөсү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
119
Белгилер:
жарык берүү, "Түндүк Электр" ишканасы, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстанда 1960-жылдан бери абанын температурасы канчага өскөнү айтылды
Орто-Сай базарындагы жайма базар. Архив

Күчүм жетпей жатат! Түлөбаев жайма базар боюнча УКМКга кайрылганын айтты

53
(жаңыланган 00:06 26.01.2021)
Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин соцтармакта сатуучунун мэрия кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.

Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.

Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.

53
Белгилер:
жайма базар, мэр, Балбак Түлөбаев, УКМК, Бишкек
Тема боюнча
Садыр Жапаров мэр Балбак Түлөбаевге эки тапшырма берди
Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив

Финполго Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова чакырылганы айтылды

128
(жаңыланган 22:46 25.01.2021)
Өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча буга чейин мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова на заседании Жогорку Кенеша в государственной резиденции Ала-Арча
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова

Алардын айтымында, Исмаилова эртең, 26-январь саат 09:30га, ал эми Өмүрбекова саат 15:00гө чакырылды. Финпол азырынча комментарий бере элек.

Өмүрбекова 2018-жылдан 2020-жылга чейин вице-премьер болуп иштеген. Исмаилова болсо ал кеткенден кийин апрель айынан октябрга чейин бул кызматты аркалаган.

Ушул иш боюнча буга чейин өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.

Андан мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берерин айткан. Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам унаалары кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалаган.

128
Белгилер:
сурак, Аида Исмаилова, Алтынай Өмүрбекова, финансы полициясы
Тема боюнча
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат