КРде окуу китептерди өз алдынча иштеп чыгуу, басуу эмнеге аксап жатканы айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКитептер. Архивдик сүрөт
Китептер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баяндамада Билим берүү жана илим министрлиги менен Билим берүү академиясынын ортосунда окуу китептеринин сапатын камсыз кылыш үчүн ырааттуу кызматташтык жок деген пикир айтылган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Булан институту Кыргызстан окуу китептерин өз алдынча иштеп чыгуу жана басууну жолго коё албай келе жаткандыгы боюнча баяндамада үч негизги көйгөйдү белгиледи.

Алардын алгачкысы окуу китептердин мазмундук сапатын камсыз кылуу маселесинин оор бойдон калышы жана авторлорду окутуу-өстүрүү колго алынбагандыгы деп белгиленген.

"Экинчиден, окуу китептерин чыгарууда коррупциялык схемаларга жол берилип, каражат майнапсыз пайдаланылууда. Үчүнчү маселе — мамлекеттин заказы менен окуу китептерин чыгаруу үчүн ырааттуу системанын калыптана электиги жана китеп чыгаруу жараянына катышкан тараптардын өз милдетин так аткарбагандыгы", — деп айтылат баяндамада.

Институт Билим берүү жана илим министрлиги менен Билим берүү академиясынын ортосунда окуу китептеринин сапатын камсыз кылыш үчүн ырааттуу кызматташтык жок деген пикирди билдирген.

Мектептин тамындагы жараңкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулаган, эскирген, тамчы аккан мектептер. Жөө-жалаңдап каттап, боз үйдө окуган балдар
"Соңку жылдары Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу жана чыгаруу жараянында Билим берүү академиясына ишенбей, аны четтетүү аракетин жасаганы көрүнүп турат. 2016-жылы министрлик окуу китептерин чыгаруунун жол-жобосун жана тартибин аныктаган Жобо кабыл алган. Бирок Билим берүү академиясы окуу китептеринин мазмунуна жооп бере турган, экспертизадан өткөрө турган бирден бир мамлекеттик мекеме экенине карабай, Жободо Билим берүү академиясы жөнүндө такыр сөз жок. Жада калса экспертизадан жана апробациядан өткөрүүгө катышары да жазылган эмес. Анын ордуна министрлик Координациялык кеңеш түзүп, ага окуу китептеринин кол жазмаларын сынак аркылуу тандоо, экспертизанын жыйынтыктарын карап чыгуу, окуу китептин эң акыркы вариантын бекитүү өңдүү укуктарды берген. Ал эми Координациялык кеңештин башында министр өзү жана эки орун басары турат", — деп айтылат документте.

Анда окуу китептерин чыгаруу жараянына беш негизги тарап катышары белгиленген.

Алар: Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү академиясы, министрликтин алдындагы Координациялык кеңеш, басмаканалар жана басма үйлөр менен авторлор.

"Ар бир тарап китеп чыгарууда өз ролун так аткарышы керек болчу, бирок андай болгон эмес. Биздин анализдер Кыргызстанда эгемендиктин 28 жыл ичинде окуу китептерин сапаттуу чыгаруунун системасы калыптана электигин көрсөттү. Билим берүү жана илим министрлиги окуу китебин жазып чыгууга, экспертизадан жана апробациядан өткөрүүгө өтө чукул мөөнөттөрдү коюп алгандыгын, окуу китебин чыгаруунун жол-жоболору так аткарылбай, окуу китебине эксперттик комиссия берген сунуштарды жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү жана китепти апробациядан өткөрүү өңдүү этаптары чала жасалганын көрсөттү", — деп жазылган маалыматта.

Булан институту баш кеңсеси Женева шаарында жайгашкан изилдөө институту болуп саналат. Аталган институт соңку жылдары билим берүү системасына, диний багыттагы билимге байланышкан бир нече баяндамаларды жарыялап, коомдук талкуу жаратууда. Ал эми аталган баяндама менен Булан институтунун сайтынан тааныша аласыздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0