Жолду оңдоордон мурда ойлонуш керек. Премьер аткаминерлерге талап койду

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Разаковго жолдорду оңдоо учурундагы ыңгайсыздыкты тез чечүүнү көзөмөлдөө милдетин такты.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жолду оңдоордон мурда ойлонуп, ыңгайсыздыктарды азайтып, көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгуу абзел. Бул маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү жактарга тапшырма бергенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев вице-премьер Разаковго жолдорду оңдоо учурундагы ыңгайсыздыкты тез чечүүнү көзөмөлдөө милдетин такты.

"Абылгазиев Бишкек шаарынын мэриясына, ИИМ, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине тапшырма берди. Алар эми биргеликте борбордук көчөлөрдү оңдоо учурунда жолдогу кыймылды оптималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды тез арада көрүшү керек", — деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкектеги тыгын көйгөйүн көпүрө куруу менен чечет
Өкмөт башчы борбор шаардын көчөлөрүндө автокыймыл өтө жыш болуп жаткандыгын айткан. Ошону менен бирге оңдоо иштерин жүргүзүү жол каттамдарына таасирин түз тийгизип, айрым көйгөйлүү көчөлөрдө унаа тыгындарын шарттоодо.

"Премьер-министр жол агымы жыш болуп, автотыгын жаралган сааттарда убакытты үнөмдүү пайдалануу үчүн светофордук жөнгө салууну анализдегенге өзгөчө көңүл бурууну тапшырган", — деп айтылат маалыматта.

Жол темасына келсек, Sputnik Кыргызстан буга чейин Бишкектеги оңдолуп-түзөлүп, бир жылга жетпей бузула баштаган жаңы жолдор туурасында видео материал жасаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0