БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын социалдык тармактарында Чүй облустук төрөт үйүндөгү кырдаалга байланыштуу саламаттыкты сактоо системасын сынга алып жатышат.
Төрөтканада полдо жаткан аялдардын сүрөтүн жүктөгөн Анара Акматбекова көргөн көзүнө ишене албай жатканын жазган.
"Таң калып жатам, палаталар толуп калыптыр. Жаңы төрөгөндөр жерде жатышат. Бардык жер чаң. №4 төрөт үйүн оңдоо үчүн жаап салышыптыр. Мындан улам кош бойлууларды Чүй төрөт үйүнө жөнөтүп жатышыптыр. Саламаттыкты сактоо министри бир нерсе жасайбы? Бөлүшкүлө! Чоң трибунадан "баары жакшы" дегендер көрсүн", — деди Акматбекова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева Sputnik агенттигине министрликтин буйругу менен төрөт үйлөрү жыл сайын оңдоо иштери үчүн жабыларын билдирди.
16-августта үй-бүлөлүк ири медицина борборлорунун бардыгына кызмат көрсөткөн №4 шаардык перинаталдык борбор жабылган. №4 төрөт үйүнүн ордуна Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, №2 клиникалык төрөт үйү, №1 төрөт үйү, Чүйдөгү төрөт үйү менен Репродукция борбору нөөмөттөшүп кызмат көрсөтүүдө.
"Бүгүн Чүй облустук төрөт үйү нөөмөттө болду. 3-4 аял бош керебет жок болуп калгандыктан жерге жатып калышты. 2-3 сааттан кийин алар төрөт үйүнөн чыгарылат. Сураныч, туура түшүнүңүздөр! Аялдар ыңгайлуу жана таза палатада жатышы үчүн оңдоо иштери үчүн жабууга аргасызбыз. Биздин төрөт үйлөр эски имаратта болсо да заманбап шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Бардык кесиптештерим үчүн кечирим сурайм. №4 төрөт үйү 28-сентябрда ачылышы керек. Андагы оңдоо иштери төрт күнгө кеч бүтүп жатат", — деди Асылбашева.Бүгүнкү күндө жаңы төрөгөн аялдар менен ымыркайлар жабыркаган жок. Асылбашева ошондой эле бүгүн көз жаргандар абдан көп болгонун белгиледи. Анын айтымында, негизи акушерлер бир суткада 10-15 төрөт кабыл алса, бүгүн 30 ымыркай жарыкка келген.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан сактоо шарттарынын оордугунан улам Pfizer вакцинасын ала албай жатат. Учурда Россиядан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Министрдин айтымында, Pfizer препаратын сактоо шарттары Кыргызстанда түзүлгөн эмес.
"Глобалдуу альянс (сегиз вакцинанын ичинен) Pfizer вакцинасынан 1 млн. 200 миң дозаны акысыз берген. Америкалык бул вакцинаны элге алып келип, жеткиргенге чейин -70 градуста кармап туруш керек экен. Болбосо жараксыз болуп калат. Сактай турган атайын муздаткычтардын баасы 4 миң доллар болуп чыкты. Азыр бул маселе менен Финансы министрлигине кайрылдык. Шаар, облус борборлоруна муздаткычты коюш үчүн 2 млн. доллар керек экен. Андай акча бюджетте жок", — деди Бейшеналиев.
Эфир учурунда угармандан россиялык "Спутник V" вакцинасы эл арасында ишеним жаратып жатканы тууралуу жана аны алып келүү боюнча суроо берилди.
"Россия президенти Владимир Путинге КР президентинин милдетин аткаруучунун жана төраганын атынан 500 миң доза вакцина сурап кат жөнөттүк. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен сүйлөшкөндө макул болгон. Бул маселе жакын арада чечилет. Россиялык вакциналардын артыкчылыгы -2 градустан -20 градуска чейин сактала турганы бар экен. Аларды 2-3 айдын ичинде алып келип калабыз", — деди министр.Ал ошондой эле Кыргызстанга учурда эч бир вакцина алып келине электигин белгиледи.
Кыргызстандын коңшусу Казакстан 1-февралдан тарта коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасы менен элди эмдей тургандыгын айтты.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамынын санын көбөйтмөй болду. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.
Ага ылайык, эртең, 20-январдан тарта, Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамы боюнча жумасына жети рейс аткарылат.
Жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясы ташыйт. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.