Бишкектин Токтогул көчөсү убактылуу эки тараптуу болот

© Sputnik / Эмиль СадыровТоктогул көчөсүндөгү автоунаалар. Архив
Токтогул көчөсүндөгү автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Москва көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жол тыгынды жаратпаш үчүн чара көрүүнү тапшырган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкектин Токтогул көчөсү убактылуу эки тараптуу болот. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкектеги тыгын көйгөйүн көпүрө куруу менен чечет
Буга чейин премьер-министр Москва көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жол тыгынды жаратпаш үчүн чара көрүүнү тапшырган.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул маселе боюнча жыйын курду. Ал тез аранын ичинде транспорттук каттамдарды аныктоо зарылдыгын белгилеп, айрым көчөлөрдү убактылуу эки тараптуу кылуу керектигин айткан.

Эми Токтогул көчөсү эки тараптуу болуп, жол белгилери алмаштырылат. Ошондой эле бул көчөгө унаа токтотууга тыюу салынат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0