Бишкек менен Оштун айрым бөлүгүндө газ өчөт. Тизме

© AFP / DAMIEN MEYERГаз оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от үч күнгө чейин жок болот. Аймактарда атайын бригада калыбына келтирүү жана оңдоо иштерин аткарат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкек менен Ош шаарларынын айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотуларын кабарлады.

Маалыматка караганда, атайын бригада калыбына келтирүү жана оңдоо иштерин аткарат.

Көгүлтүр от өчө турган аймактардын тизмеси (Бишкек боюнча):

23-25-сентябрь аралыгында Мичурин, Восток, Ленин көчөлөрү менен чектешкен аймак;

24-26-сентябрь аралыгында Жетинчи, Чоң-Арык, Шералиев, Кожомкулов, Жалил, Буденный, Салиева, Курманжан датка көчөлөрү менен чектешкен аймак, Салиева көчөсүндөгү 182 үй, Курманжан датка көчөсүндөгү №111, 113 үйлөр.

Ош шаары:

24-сентябрда Салиева көчөсү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0