Кыргызстандын кайсы жеринде кеч үйлөнүп, турмушка эрте чыгат. Статистика

© Фото / Pixabay/ StockSnapҮйлөнүү тою. Архивдик сүрөт
Үйлөнүү тою. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жигиттер орточо эсеп менен алганда 27,2 жашта, ал эки кыздар 23,6 жашында турмуш курушат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Чүй облусундагы эркектер кеч үйлөнсө, бишкектик селкилер турмушка кеч чыгат.

Бул жерде кеп биринчи ирет үй-бүлө күтүү туурасында болуп жатат.

Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын кыздары эмнеге турмушка кеч чыгып калышты? 7 себеп
Бул 2018-жыл боюнча алынган маалыматтар. Кыргызстандык жигиттер орточо эсеп менен алганда 27,2 жашта, ал эки кыздар 23,6 жашында турмуш курушары белгилүү болду.

Айтмакчы, эң эрте үйлөнгөндөр Ош жана Баткен облусунун жашоочулары экен. Кеч үйлөнүү боюнча Чүй биринчи орунду бербесе, кийинки орунду Бишкек жана Ысык-Көл облусунда жашаган жигиттер ээлептир.

Турмушка эң эрте чыгып кеткен кыздар Ош менен Баткен аймактарында, ал эми кеч чыккандар Бишкектеги селкилер экени анык болду.

Былтыр Кыргызстанда расмий маалыматтарга таянсак, 50 миң үй-бүлө курулган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0