Абылгазиев бала-чакасы менен бак отургузду. Парктагы сүрөттөр

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭкологическая гражданская акция "Всемирный день чистоты" (World Clean Up Day)
Экологическая гражданская акция Всемирный день чистоты (World Clean Up Day) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы эл сейилдеп, таза аба менен дем алып, бош убактысын өткөрө турган эс алуу жайларына муктаж экендигин айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан "Ынтымак" паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан "Ынтымак" паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан Ынтымак паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан "Ынтымак" паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАл өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана "Эко Деми" фондусунун өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги таштанды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.
Ал өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана Эко Деми фондусунун өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги таштанды тазалоо боюнча ишембиликке катышты. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ал өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана "Эко Деми" фондусунун өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги таштанды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү" (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.
2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү" (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан "Ынтымак" паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду.
2/3
Ал өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана "Эко Деми" фондусунун өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги таштанды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.
3/3
2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү" (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.

"Мен бүгүн атайын чыгып, борбор калаабызды жашылдандырууга өз салымымды кошууну чечтим. Бош жер турса, ал жакта эмне курууга боло турганын олуттуу ойлонуу керек, бул сөзсүз эле үй же башка объект болушу кажет эмес. Эл сейилдеп, таза аба менен дем алып, бош убактысын өткөрө турган эс алуу жайларына муктаж. Ошондуктан борборубузга эң жашыл шаарлардын бири деген атагын кайрадан кайтарууга умтулабыз", — деген Абылгазиев.

Ал өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана "Эко Деми" фондусунун өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги таштанды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.

Президент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөңөр менен болгула! Мирзиёев жекшембиде иштөөгө тыюу салды
"Экология жана курчап турган чөйрөнүн булгануу маселелерин чечүүгө жумшалган күч-аракеттер канчалык маанилүү экендигин биз жакшы түшүнөбүз. Бул суроолорду кийинкиге калтырбай, азыртан чечүү керек. Ошондуктан адамдарды жаратылышты сүйүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, эң башкысы, келечек муундун алдындагы жоопкерчиликке үйрөтүү абзел. Мен бүгүн ишембиликке бекеринен балдарымды ээрчитип чыккан жокмун. Бул сапаттарды бала чактан калыптандыруу керек. Курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу маселелери боюнча кыргызстандыктардын аң-сезими жыл сайын өсүп жатканы мени кубандырат. Өкмөт жарандык активисттердин экологиялык ишмердүүлүгүн колдойт. Биз жаратылышты коргоочу технологияларга өтүүнү жана зыяндуу технологиялардан баш тартууну өбөлгөлөөгө аракет көрүп жатабыз", — деди Абылгазиев.

2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү" (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0