Жер үстүндөгү өтмөктөрдүн лифттери эмнеге иштебейт? Майыптардын даты

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваПроблема с лифтами в надземных переходах Бишкека
Проблема с лифтами в надземных переходах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги жер үстүндөгү өтмөктөрдүн бийик тепкичтери жана ыңгайсыз пандустарынан майыптыгы барлар чыга албай кыйналууда. Мындан улам алар лифтти иштетүү талабын коюшту.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы лифттердин иштебей жаткан себебин сураштырды.

"Келечек плюс" коомдук фондусунун майыптыгы бар мүчөлөрү 20-сентябрь күнү мэрия кызматкерлери менен жолугуп, жер үстүндөгү өтмөктөрдөн өтүү алар үчүн кыйынчылык жаратып жатканын айтышты.

Назира Илимказиеванын көзү такыр көрбөйт. Жер үстүндөгү өтмөккө чыгып кайра түшүүгө аз дегенде 20 мүнөт убактысы кетет. Айтымында, тепкичтер өтө бийик. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЖер үстүндөгү өтмөктөрдүн тепкичтери өтө бийик
Жер үстүндөгү өтмөктөрдүн лифттери эмнеге иштебейт? Майыптардын даты - Sputnik Кыргызстан
Жер үстүндөгү өтмөктөрдүн тепкичтери өтө бийик

"Лифтти бекитип коюшуптур. Аны иштетсе мага окшогон майыптыгы бар адамдарга жакшы эле болмок. Пенсионерлер, балалуулар деле жыргамак. Тепкичтен жалгыз чыга албайм, чалынып жыгылып кетишим мүмкүн. Анан аябай бийик экен, арабачан, таяк менен жүргөндөргө бир топ эле оор. Лифттин эмнеге иштебей жатканын эч ким бизге түшүндүргөн жок", — деди Илимказиева.

Лифт иштебей турганы аз келгенсип, өтмөккө чыгуу үчүн пандустары да өтө бийик. Ага арабачан адам өзү эле эмес, бирөөнүн жардамы менен дагы чыга албайт. Буга чейин Sputnik агенттиги ал жактан атайын соцэксперимент да жасап көргөн

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваӨтмөктүн пандустары да бийик
Жер үстүндөгү өтмөктөрдүн лифттери эмнеге иштебейт? Майыптардын даты - Sputnik Кыргызстан
Өтмөктүн пандустары да бийик

Жер үстүндөгү өтмөктөрдү эки жыл мурда Капиталдык курулуш башкармалыгы салган. Аны курууга 18 миллион сомго чукул каражат кеткенин аталган башкармалыктын өкүлү Авазбек Мукеев айтты.

"Өтмөктү долбоор атайын экспертизадан өткөндөн кийин гана курганбыз. Бардыгы дүйнөлүк стандарт боюнча салынган. "Бишкекасфальт" муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген. Мындан улам лифттин иштебей турганына ошол ишкана жооп бериши керек", — деди Мукеев.

Майыптыгы барлар менен жолугууга "Бишкекасфальт" ишканасынын өкүлдөрү чакырылганы менен келген жок. Телефон аркылуу байлананышканыбызда лифтти "Бишкеклифт" ишканасы көзөмөлдөш керек деген жообун айтышты. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЛифттин иштебей турганын айтып буга чейин да калаа тургундары арызданышкан
Жер үстүндөгү өтмөктөрдүн лифттери эмнеге иштебейт? Майыптардын даты - Sputnik Кыргызстан
Лифттин иштебей турганын айтып буга чейин да калаа тургундары арызданышкан

Бирок бул маселени "Бишкеклифт" муниципалдык ишканасы да чечпейт экен. Жетекчиси Тилек Жээнбаевдин айтымында, "Бишкекасфальт" ишканасы буйрутма берүүчү катары турак жай-коммуналдык кызматтар менен келишим түзүп иштетиши керек.

"Бишкекасфальт" ишканасы буйрутма берүүчү мекеме катары жок дегенде "Түндүкэлектр", "Тазалык", "Бишкеклифт" сыяктуу үч коммуналдык кызмат менен келишим түзүшү зарыл. Алар электр энергиясын, тазалыгын карашат. Мындан сырткары, бул лифттерди "Хьюндайлифт" деген ишкана орноткон. Алар техникалык документтерин "коммерциялык сыр" деп толугу менен өткөрүп берген эмес.

Майыптардын бир күндүк турмушу же коляска менен шаар аралап
"2018-жылы биздин ишкана жарым жылдай өтмөктөрдүн лифттерин тейлеген. Биз менен Свердлов райондук администрациясы келишим түзгөн. 2019-жылдын башында ал келишимдин мөөнөтү бүткөндүктөн тейлебей калганбыз. Дагы бир маселе бар. Ал лифттерди электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси аягына чыга элек. Жарыкка убактылуу туташтырылганы менен 2018-жылдын аягында аны кайра алып салышкан", — деди Жээнбаев.

Лифттин иштебей турганын айтып буга чейин да калаа тургундары арызданышкан. Анда Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков сууктан жана Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам жарык өчүп, лифттердин системасы бузулганын айтып, лифттер жакындан тарта кадимки тартипте иштеп башташы мүмкүн экенин айтканы бар.

Ошентип, өтмөктөгү лифттер качан иштери тууралуу бир да мамлекеттик орган жооп бере алган жок.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0