Түштүк магистраль маал-маалы менен жабылып жатат. Милициянын түшүндүрмөсү

Жазылуу
Борбор калаада жарым марафон өтүп жаткандыктан жолдор маал-маалы менен жабылууда. Милиция айдоочуларды бири-бирине сылык болууга чакырат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада III эл аралык Бишкек жарым марафону өтүп жаткандыктан, Түштүк магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү маал-маалы менен жабылууда. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, саат 8:30дан тарта 12:30га чейин Түштүк магистралдын Чортеков көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Түштүк магистралдын бир тилкеси эки тараптуу болот.

ЖККББнын кызматкерлери жолдогу коопсуздукту сактап жатат.

"Милиция бардык айдоочуларды сылык болуп, милиционерлердин буйруктарына баш ийип, жол эрежесин сактоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек жарым марафонуна 17 мамлекеттен келген 1470 спортчу катышууда. Иш-чарага Россия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Индия, Кытай, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Япония, Аргентина, Франция, Корея, Польша, Англия жана АКШдан спортчулар келген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0