Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун билим берүү программалары боюнча бөлүм башчысы Сагынбек

Ден соолук мыкты болуш үчүн төрт эрежени сактоо зарыл. Адистин маеги

7410
(жаңыланган 10:00 23.09.2019)
Адис ден соолукта болуу үчүн ичкен тамак-аштан тарта кыймыл-аракет, уйкуга чейин көңүл буруу зарыл экендигин айтып берди.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун билим берүү программалары боюнча бөлүм башчысы Сагынбек Уезбаев менен күз мезгилинде адам өзүнө кантип кам көрүшү керектиги тууралуу сураштырды. Адис маекте жалпы эрежелерге да токтолду.

— Күзүндө адамдын организми кайсы витаминдерге муктаж?

— Адамдын организми жаз, күз дебей эле жыл бою витаминдерди талап кылат. Витамин латынчадан которгондо "өмүр берүүчү заттар" дегенди түшүндүрөт. Буларды организм өзү иштеп чыкпайт, ал биз жеген тамак-аш менен келет. Алардын кызматы — зат алмашууну жакшыртып, тамактын аш болуусуна, сиңишине жардам берүү. Витамин жок болсо организмде ар кандай оорулар келип чыгат же буга чейинки илдеттер күчөшү мүмкүн.

— Жайкысын суу ичип, жер-жемиш менен эле азыктанасың, ал эми күзүндө тое тамактангың келет. Муну организм талап кылабы же сезонго жараша ушундайбы?

— Күзүндө аба ырайы сууктагандыктан организм стресске учурап калышы ыктымал. Себеби жайга караганда күз мезгилинде күндү азыраак көрүп калабыз. Анын айынан маанайыбыз түшөт дагы, компенсация кылуу үчүн тамакка көп көңүл бурабыз. Экинчиден, организм жайкы мөмө-жемиштерге тоюп, күзгү азыктарга басым жасайт. Бизде азыр бышыкчылык. Эң жакшысы, өзүбүздө өскөн жер-жемиш, мөмө-жемиштерди жегенди сунуштайт элек.

— Кышкыга кыям кайнатып, салаттарды жабабыз. Алардын көбү кайнатылып, куурулат эмеспи. Демек булардын пайдасы азбы?

— Бышырылганга караганда чийкиси витаминдүү кетет. Экинчиден, үйдөн жабылган салат, компот, бадыраң, деги эле консервацияланган азыктардан оолак болууга чакырат элем. Себеби үйдө микробдон арылуу процесси стандартка ылайык жүрбөйт. Жалпы технология сакталбайт. Ошонун айынан ботулизм деген өтө коркунучтуу, машакаттуу илдет пайда болуп калышы ыктымал. Анын токсини өтө кооптуу, аз убакыттын ичинде адамды өлүмгө чейин алып барат. Жада калса беш-алты сааттын ичинде эле каза болуп калышы мүмкүн. Технология сакталып заводдо консервацияланган азыктарды алууга болот. Эң жакшы жолу — мөмө-жемиштерди тоңдуруп же кургатып алуу керек.

Руководитель отдела программы образования Республиканского центра укрепления здоровья Сагынбек Уезбаев
© Sputnik / Эркин Садыков
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун билим берүү программалары боюнча бөлүм башчысы Сагынбек Уезбаев

— Сезонго карабай эле туура тамактануунун жолуна токтоло кетсеңиз?

— Ден соолук мыкты болушу үчүн тамак-ашыбыз маанилүү роль ойнойт. Биринчиден, ал бардык нерсеге шайкеш келиши керек. Маселен, көп жеп алып кыймылдабай койсо адам толуп кетет. Же көп кыймылдап, аз тамактана турган болсок дагы организмге жетиштүү заттар барбай калат. Жеген азык коопсуз, тагыраагы, туура даярдалган жана туура сакталган болушу керек.

Күнүмдүк тамактанууда азыктын үчтөн бири белокко бай болушу зарыл. Мындайча айтканда, эртең менен, кечинде, түштө курамында белок бар тамак жеш керек. Дагы үчтөн бирин ун жана дан азыктары (нан, макарон, күрүч, гречка), дагы үчтөн бир бөлүгү жер-жемиш, мөмө-жемиштер болушу шарт. Күнүнө үч ирет тамактанып, эки жолу шам-шум этүү керек. Шам-шум десе бир кесим таттуу нан, шоколад эмес. Ал пайдалуу болушу керек. Тамак мээни өз убагында керектүү глюкоза менен камсыздап турат.

Куурулган тамактан оолагыраак болсок. Сууга, бууга, мешке, тандырга бышырылганы пайдалуу. Анткени май ысыганда өтө зыян заттар бөлүнүп чыгат.

Белок көп болсун десеңиздер, этти көп жеңиздер. Мындан тышкары, балык өтө керектүү азык. Тилекке каршы, балыкты аз колдонобуз. Куурулганын же туздалганын жейбиз. Ал анчейин деле пайдалуу эмес. Балыкта өзгөчө кичинекей балдардын өсүп-өнүгүүсү үчүн керектүү заттар бар. Ошону жок дегенде жумасына бир ирет жесек абдан жакшы болмок. Андан сырткары, куштун (тоок, каз, өрдөк жана башка) этинде май аз. Үйдө багылган куштар жакшы болот. Дүкөндө сатылган тоокторго кепилдик бере албайбыз.

Жашылча-жемиштер тамагыбызда күнүгө минимум 400 грамм болушу шарт. Алар витаминге бай экендиги маалым. Мындан тышкары, организмге керектүү, тамакты сиңирүүчү, ичегибизге керектүү микрофлораны пайда кылуучу клетчатка деген зат бар. Клетчатка — бул углевод, ал өзү аш болбойт. Ал ичегибизге бизге керектүү микробдордун өсүп-көбөйүшүнө көмөктөшөт жана ичегини шыпыргы сыяктуу тазалап өтүп кетет.

— Ден соолукта болуу үчүн тамак-аштан сырткары эмнеге көңүл буруу зарыл?

— Кыймыл-аракет. Адам көп кыймылдаса эндорфин аттуу гормон иштелип чыгат. Ал кишиге күч берип, иммунитетти чыңдай турган, адреналин, антистресс болчу гормон. Андан тышкары күз, кыш мезгилинде күн аз тийгендиктен серотонин — бактылуулук гормону азайып, стресс болушубуз ыктымал. Ал гормон көңүлүбүздү көтөрүп, бактылуулук, махабат деген сезимди тартуулайт. Чөгүп кетпөө үчүн кыймыл-аракетти күчөтүү керек. 10-17 жашка чейинки балдар күнүнө 60 мүнөткө чейин активдүү кыймылдашы керек. Ал эми 18-64 жашка чейинки кишилер жумасына эки жарым саат, же болбосо күнүнө 20 мүнөттөн кем эмес кыймылда болушу керек. Жөн эле басып коюу жетишсиз. Чекебиз тердеп, кышылдап, күшүлдөгүчө баттан басуу керек же велосипед тээп, чуркашыбыз керек. Иш күндөрү таза абада 30-40 мүнөт, дем алыш күндөрү төрт саатка чейин сыртта жүрүү керек.

Үчүнчүсү — уйку режими. Организм чарчай турган болсо иммунитет төмөндөп, ооруга көп чалдыгат. Жок дегенде алты саат, орто эсеп менен жети саат, ашып кетсе сегиз саат, андан көп болбойт. Өзүн сергек алып жүрүү үчүн адам ченеми менен укташы керек. Жумушу көптөр чак түштө бир куш уйку салып алса, өтө пайдалуу. Уйку — бул эс алуу. Эң жакшы уктаганың — түш көрбөй уктоо.

Руководитель отдела программы образования Республиканского центра укрепления здоровья Сагынбек Уезбаев
© Sputnik / Эркин Садыков
Уезбаев: ден соолук — байлык, жараткандын аманаты. Ага кайдыгер мамиле кылбашыбыз керек. Ооруп калсаң, кимге керексиң, жумушта иштей албайсың, жатып калсаң үйдөгүлөргө түйшүк

Жакшы уктоо үчүн бөлмөнү шамалдатуу керек. Уктаарда жуунуп-тазаланып алсак жакшы болот. Кино көрүп, интернет чукулап жаткан туура эмес. Себеби таң аткыча түш көрүп чыгабыз.

Төртүнчүсү — стресске кабылбоо. Ал дагы иммунитетти төмөндөтөт, тез карытат, жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат. Адреналин бөлүнүп чыкканда организмге күч келет. Стресс болбоо үчүн эң биринчи ошону алдын алуу керек. Эгер болуп калса, сабырдуулук менен мамиле жасоо зарыл. Аны артка кайтаруу мүмкүн эмес, ошол абалдан чыгууну ойлонуштурушубуз керек.

Мээни иштетүү. Кандайдыр бир иш менен алектенип, китеп окуп, кроссворд толтуруп, ыр жазып, кыскасы, пайдалуу иш менен алектенүү.

Мындан тышкары, иштеп жаткан жумушубуз көңүлүбүзгө жагышы керек. Болбосо жага тургандай кылып же башка ишке которулуу зарыл.

Ден соолук — байлык, жараткандын аманаты. Ага кайдыгер мамиле кылбашыбыз керек. Ооруп калсаң кимге керексиң, жумушта иштей албайсың, жатып калсаң үйдөгүлөргө түйшүк. Өзүңө карасаң карыганга чейин ден соолукта болосуң.

— Ден соолукту чыңдоо борборуна кайрылгандарга кандай жардам бере аласыздар?

— Биздин мекемебиздин максаты — ден соолукту чыңдоого шарт түзүү. Кайрылгандарга медициналык жолдомо бербейбиз. Биздин мекеме өзү түзмө-түз жарандар менен иштебейт. Биз жарандар менен иштөөгө багытталган методикаларды, сунуш-пикирлерди, кеңештерди иштеп чыгабыз. Эл менен жардамчыларыбыз иштейт. Бейтапканаларда ден соолукту чыңдоо кабинеттерининин адистери бар. Аларга биз маалыматтарды иштеп беребиз. Андан сырткары, региондордо 1600дөн ашуун ден соолукту чыңдоо комитеттери бар. Биздин жардамчылар, ыктыярчылар элдин арасында маалымат иштерин жүргүзүп турат. Жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте көп багыттагы иштерди алып барышат. Ошондой эле кызыккандар социалдык тармактагы баракчабыз аркылуу маалымат алышса болот.

7410
Белгилер:
кеңеш, маек, адистик, ден соолук, Кыргызстан
Тема боюнча
Бузурманов: уктап жатканда тишин кычыраткандар нервин да текшертиши керек
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны