Кан донорлорунун күнүнө карата Бишкекте төрт күн бою акция өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКан тапшырып жаткан донор. Архив
Кан тапшырып жаткан донор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы 25 жылда Кыргызстанда кан донорлорунун саны азайган. Маселен, 1985-жылы алардын саны 178 232 болсо, 2016-жылы 39 426, 2017-жылы 37 280, ал эми былтыр, 2018-жылы, 39 864 адам болгон.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кан донорлорунун улуттук күнүнө карата Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Морфологиялык корпусунда төрт күн бою "Коопсуз кан бардыгы үчүн" аталышындагы акция өтөт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, каалоочулар 23-27-сентябрь күндөрү күн сайын саат 9:00дө каттоодон өтүп, кан тапшырып турса болот.

Жыл сайын сентябрдын акыркы жекшембисинде кан донорлорунун улуттук күнү белгиленип келет. Аталган акцияны министрликтин алдындагы Республикалык кан борбору менен Кызыл жарым ай коому биргеликте өткөрүүдө.

"Кан куюу менен жылына көптөгөн адамдар аман калууда. Кан боюнда бар аялдарга, кан ооруларына чалдыккан бейтаптарга, жаракат алгандарга, оор операция жасала турчуларга жана башка оорулууларга абдан керек. Ошондуктан донорлук медицинанын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Көп өлкөлөрдө кооптуу жана сапаттуу кан запасынын жоктугу көйгөй жаратып келет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билдирмеде акыркы 25 жылда Кыргызстанда кан донорлорлорунун саны азайганы белгиленет. Маселен, 1985-жылы алардын саны 178 232 болсо, 2016-жылы 39 426, 2017-жылы 37 280, ал эми былтыр, 2018-жылы, 39 864 адам болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0