Бишкекте жоголгон 11 жаштагы бала табылды

Жазылуу
Криминалдык милиция жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жоголгон баланы борбор шаардан тапкан.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мындан бир нече күн мурда борбор калаада үйүнөн чыгып кетип, белгисиз болуп жаткан 11 жаштагы Саид Бебеза табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 18-сентябрда баланын энеси милицияга кайрылып, 16-сентябрда болжол менен саат 15:00дө Дордой конушунан уулу жоголуп кеткендигин айтып, жардам сураган.

"21-сентябрда Криминалдык милиция жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жоголгон баланы борбор шаардагы "Дельфин" бассейнинин жанынан табышкан", — деп билдирди маалымат кызматы.

Саид Бебезаны тартип сакчылары ата-энесине өткөрүп берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0