Бишкекте өтчү "Евразия жумалыгында" талкуулана турган темалардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономический форум "Евразийская экономическая перспектива" в Бишкеке
Экономический форум Евразийская экономическая перспектива в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия үчүнчү мамлекеттер жана бирикмелер менен иштеп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги бизнести тышкы рынокко чыгаруу боюнча кызматташууну жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. IV "Евразия жумалыгынын" пленардык жыйынында Евразия экономикалык комиссиясы менен бизнес өкүлдөрү ЕАЭБдин жаңы экономикалык саясатын талкуулайт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Аталган иш-чара 25-27-сентябрда Бишкекте өтөт. 25-сентябрда өтө турчу жыйындын негизги темасы "Евразиядагы бизнес чөйрөнүн чакырыктары жана перспективалар".

"Биримдикте беш өлкөнүн бизнес-коомчулугу үчүн эркин иштөөнүн баштапкы гана шарты түзүлдү. Кошумча бажы салыгы жокко чыгарылып, 49 тармакта жалпы рынок шарты калыптанган. Ошентсе да бардык көйгөйлөр чечилген жок. Тактап айтканда, биримдиктеги жалпы рыноктогу тоскоолдуктарды чечүү улантылууда", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, комиссия үчүнчү мамлекеттер жана бирикмелер менен иштеп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги бизнести тышкы рынокко чыгаруу боюнча кызматташууну жүргүзүп жатат.

Бул иш-чарага катышкандар бир катар көйгөйлөрдүн түйүнүн чечкенге аракет кылышат. Алар:

  • ЕАЭБдин иши бизнес коомчулуктун жумушуна кандай таасир берди?
  • Биримдикте өндүрүш атаандаштыгын кантип арттыруу керек?
  • Чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуунун эң жакшы формасы кандай?
  • Биримдиктин жаңы күн тартиби кандай болушу кажет?

Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян талкууга модераторлук кылат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0