Кайсы дарыларды аралаштырып ичсе өмүргө коркунуч жаралары айтылды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүФармацевтический завод "Биоком" в Ставрополье
Фармацевтический завод Биоком в Ставрополье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң эле кооптуусу - адамды тынчтандырууга көмөк көрсөткөн дарылар менен ооруну сездирбөөчү препараттын аралашмасы.  Адистер алардын курамы жүрөктүн жыйрылышына терс таасир берерин айтышкан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Дарыгерлер айрым дары каражаттарын аралаштырып ичүү кооптуу экендигин, жадакалса өмүргө коркунуч жаратарын далилдешти. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер мээ рагынын адаттан тыш белгилерин айтып берди
Ага ылайык, жөтөлдүн дарысы менен аллергиялык препаратты кошуп ичүүгө болбойт. Себеби экөөнүн курамы окшошураак келгендиктен, организмге ашыкча болуп калат. Биринчи белгилери катары адам шалдырап, уйкусурайт.

Ошондой эле дарыгерлер депрессияга каршы дарылар менен ооруну сездирбөөчү препараттарды бирге колдонуу, ашказанды канатып жибериши мүмкүндүгүн айтышкан. Андан тышкары, илдетти жооткото турган жана адамды тынчтанууга жардам берген дарылар менен аспириндин, антикоагулянттардын биригиши инсультка, андан тышкары ичеги-карындардын канашына алып келет.

Эң эле кооптуусу - тынчтандырууга көмөк көрсөткөн дарылар менен ооруну сездирбөөчү препараттардын аралашмасы. Адистер алардын курамы жүрөк жыйрылышына терс таасир берерин айтышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0