Өкмөт жаңы стадиондорду куруу үчүн жер бөлүп берди. Дареги

Жазылуу
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаанын түштүк тарабынан жер бөлүнүп, футбол талаасы, спорт ордосу, муз аянты жана бизнес-борборлор куруларын айткан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү Бишкектин түштүк тарабына спорт шаарчасын куруу үчүн 30 гектар жер бөлүп берет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтом Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаанын түштүк тарабынан жер бөлүнүп, футбол талаасы, спорт ордосу, муз аянты жана бизнес-борборлор куруларын айткан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 12 гектар жерди бөлүп берүү тапшырмасы берилди.

"Жер Чыңгыз Айтматов проспектиси, 86/2 (идентификациялык номери 1-04-17-0015-0088) дарегинде жайгашкан. Аянт "Бишкек штамп" заводунун чарбалык карамагында", — деп токтомдо айтылат.

Мэрияга болсо көрсөтүлгөн жер аянтынын жанынан дагы 18 гектарды бөлүп берүү сунушталды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0