Бишкектин бир катар аймактарында эки күн газ болбойт

Жазылуу
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери абоненттерди үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. 25-27-сентябрда Маевка айылынын Виноградная, Жаш Гвардия, Жапаров, Набережная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу газ берүү убактылуу токтотулат.

Ал эми 26-сентябрда Ош шаарынын Учар көчөсүндө көгүлтүр от жок болот.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери абоненттерди үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0