Кыргызстандык ишкер Шварценеггер менен Нурмагомедов катышчу форумга барат

© Фото / Самат БараталиевКыргызстандык ишкер Тимур Файзиев. Архив
Кыргызстандык ишкер Тимур Файзиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада ар кайсы чөйрөдө ийгиликке жеткен белгилүү адамдар сөз сүйлөйт. Форум 5-сентябрда саат 17:00дө Санкт-Петербургда өтөт.

БИШКЕК, 25-cен. — Sputnik. Кыргызстандык ишкер Тимур Файзиев эл аралык Synergy Global Forum иш-чарасына катышат. Бул туурасында форумдун сайтында айтылат.

Жыл сайын форумдун аянтчасында белгилүү ишкерлер, топ-менеджерлер, маданият жана спорт ишмерлери, журналисттер жана башка тармактагылар сөз сүйлөшөт. Уюштуруучулар бул адамдар коомдо бурулуш жасаганын белгилешти.

Участники международно-выставочного форум Евразийская неделя — 2019 в зале заседаний Энесай - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Евразия жумалыгы башталды. Ага 2 миңдей киши катышат
Иш-чара 5-октябрда саат 17:00дө Санкт-Петербургдагы "Газпром-Аренасында" өтөт.

Файзиев спикерлердин арасында девелопер, Кыргызстандагы курулуш компаниянын ээси, курулуш тармагында эксперт жана бизнес-тренер катары тааныштырылат.

Ал форумда "Ресурстун сыйымдуулугу - ийгиликке жетүүнүн куралы" деген тема менен чыгат.

Иш-чарага актер жана Калифорниянын экс-губернатору Арнольд Шварценеггер, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана башка атактуулар катыша турганы айтылды.

Форумда жалпысынан беш аянтча, 200дөн ашык спикер жана 50 миң киши болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0