Өкмөт жол эрежесин бузганда салынган айыптын жогору экенин моюндады

Жазылуу
Разаков коомчулуктан жолдогу майда эреже бузуулар боюнча айып пулдарды азайтуу тууралуу жетишээрлик кайрылуу келип түшкөнүн айтты.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынган айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Ички иштер министрлиги "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Вице-премьер Жеңиш Разаков коомчулуктан жолдогу майда эреже бузуулар боюнча айып пулдарды азайтуу тууралуу жетишээрлик кайрылуулар келип түшкөнүн айтты.

"Коопсуз шаардын" алкагында коюлган аппараттык-программалык жабдуулардын негизинде айдоочуларды эрежелерге баш ийдирүүгө жана жолдорду тартипке келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок өлкөдөгү жашоонун деңгээли жана орточо айлык акыны эске алганда, жол эрежелерин бузганда салынуучу айыптын көлөмү көп болуп калганын моюнга алуу керек. Биз коомчулуктун келтирген жүйөсүн уктук. Ошол эле учурда мас абалында унаа башкаруу сындуу жол кыймылынын олуттуу эрежелери бузулган учурда төлөнүүчү айып мурдагыдай эле болот", — деди Разаков.

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбооруна ылайык, эреже бузуулардын 8 түрү боюнча айып пулдарды азайтуу сунушталууда:

  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
  • жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);
  • токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
  • коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;
  • автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;
  • жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;
  • каршы тилкеге чыкпай туруп озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
  • тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0