Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык өчөт. Тизме

229
(жаңыланган 09:48 26.09.2019)
Электр энергиясын берүү борбор калаанын чок ортосунда, батыш бөлүгүндө жана жаңы конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эртең, 26-сентябрда, Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.30-15.00 — Малдыбаев көчөсүндөгү №36/1, 36/2 үйлөр;

09.30-19.00 — Буденный менен Чоң Чүй каналы чектешкен аймак;

09.00-14.00 — Учкун конушундагы Огонбаев, Сатыбалдиев көчөлөрү, Ауэзов, Элебесов көчөлөрү, Дорожный туюк көчөсү;

09.30-18.00 — Кайынды конушундагы Керамическая көчөсү;

13.00-17.00 — Красный строитель конушундагы Рабочий, Бельск көчөлөрү, Ак-Тилек конушундагы Мажүрүм-Тал, Жерге-Тал, Чалдыбар көчөлөрү, Тыныстанов, Сеченов, Боталиев көчөлөрү, Перекопский туюк көчөсү;

09.00-17.00 — Пишпек, Кумарык, Мозолев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, "Элитстрой" рыногу;

09.00-17.00 — Каракум, Дэн Сяопин, Кең-Суу, Якутский, Средний, Абдраев, Казаков көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Монгол, Якутский, Оттук туюк көчөлөрү;

09.30-18.00 — Талды-Суу, Жумабек, Раззаков, Баетов, Кулатов, Абай, Лебедев-Кумача, Шооруков көчөлөрүнүн бир бөлүгү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
229
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, жарык берүү, Бишкек
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив

Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

124
(жаңыланган 00:11 27.01.2021)
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

124
Белгилер:
Руслан Татиков, Тышкы карыз, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп
Каракол шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына берилген Toyota Land Cruiser Prado

Ысык-Көл: медиктерге берилген жолтандабас президенттин иш башкармалыгында жүрөт 

91
(жаңыланган 22:57 26.01.2021)
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.

Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.

Ал эми президенттин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын тактап берүүнү убадалашты.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.

91
Белгилер:
белек, автоунаа, Каракол
Тема боюнча
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты