Диагностика. Архивдик сүрөт

Элдин керексиз "диагностика" менен кантип алданып жаткандыгын адис айтып берди

3524
(жаңыланган 09:49 26.09.2019)
Адис өлкөгө керектүү деп эсептелген медициналык кызматтардын тизмесин тактап, аны улуттук бир маалыматтык базага киргизүү зарылдыгына токтолду.  Ал мындай кадам алдап  акча жасоонун жолу болбошу шарт деп кошумчалады.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда медицинага тиешеси жок "диагностикалык" аппараттар толуп кеткендигин далилдүү медицина жана клиникалык стандарттар боюнча эксперт Бермет Барыктабасова билдирди. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстандын маалыматтык борборунда өткөн "Мамлекеттик ооруканаларда акы алуу сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин долбоору" аттуу тегерек столдун жүрүшүндө айтты.

Эксперттин маалыматына караганда, акыркы учурда кыргызстандыктар көбүрөөк жарнама кылынып жаткан хирургиялык кызматтарга кызыгып жатат.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардам көрсөтүү боюнча стандарттарды иштеп чыгып туура кылып жатат. Азыр абал ушундай болуп кеткен, кайсы кызмат көрсөтүүлөр чындыгында эле хирургиялык, ал эми кайсынысы калп эле акча жасоо аракети экендиги түшүнүксүз. Кыргызстанда медицинага тиешеси жок жөн гана алдап, башты айланткан "диагностикалык" аппараттар толуп кеткен. Алардын медицинага эч кандай тиешеси да жок", — деп айтты Барыктабасова.

Мамлекеттик бир катар ооруканалардын өзүн-өзү каржылоого өткөрүүсү боюнча айтып жатып, хирургиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн улуттук маалымат базасы тууралуу маселеге токтолду.

Оорукана. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Стандарттары жок болуп туруп алдыга жылууга мүмкүн эмес. Улуттук маалымат базасы жок болсо, керексиз хирургиялык кызматтар боюнча маселе кандай чечилет? Баасы кантип аныкталат? Ким кепилдик бере алат? Бизде азыр "бул медицинага кирет, а бул кирбейт" деген аныктама бере турган орган дагы жок", — деди ал.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, Органдарды трансплантациялоо жана жүрөк хирургия илим изилдөө институтун, ошондой эле Улуттук хирургиялык борборду өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү пландап жатат. Бул аталган медициналык борборлордогу дээрлик бардык кызматтар акы төлөнүүчү болот дегенден кабар берет. Мунун арты менен мамлекеттик медборборлор жеке клиникалар менен атаандашуусуна мүмкүнчүлүк жаралат. Эгер долбоор ишке ашып кетсе, ушундай эле өзгөрүүлөр Саламаттыкты сактоо тармагынын бардык уюмдарына жайылат.

Эксперт кыргызстандыктар улуттук маалыматтык базасыз эл деле кандай медициналык аспаптар колдонулуп жаткандыгын айрып түшүнө албайт деп кошумчалады.

"Биз эмнелерди ташып кирип, эмнелер колдонулуп жаткандыгын билбейбиз. Маселен, кардиохирургияда болчу митралдык клапан базарда сатылып жатат. Хирургдар каякты карап жүрөт? Улуттук хирургиялык борбордон аспаптарды алып чыгып кетип жатышат", — деди ал.

Барыктабасова сынамык долбоордун авторлорун хирургиялык процедураларды тиешелүү категорияга бөлүүнү сунуштады.

3524
Белгилер:
реформа, медицина, диагноз, Саламаттыкты сактоо, Бермет Барыктабасова, Бишкек, Кыргызстан
Медициналык кызматкер коронавируска тест өткөрүп турган учурда. Архив

Башкы пульмонолог: коронавирусту кайра жуктуруп алам деп коркпогула

16
(жаңыланган 12:40 08.08.2020)
Адис коронавирустан кийин адамдын организми узагыраак убакытта калыбына келерин айтты. Ал учурда кээ бирөөлөр оорудан айыкпай калдым же кайра жукту деп ойлошу мүмкүн экен.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Коронавирустан ооруп айыккандан кийин аны кайра жуктуруп алам деп коркпош керектигин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев айтып берди.

Ал брифинг учурунда бейтаптар арасында маанилүү болуп жаткан суроолорго токтолду.

"COVID-19 менен ооруган адамда иммунитет пайда болгондуктан экинчи ирет жуктуруп алат деген далил азырынча жок. Иммундук система көпкө чейин сакталышы мүмкүн деген божомол бар. Коронавирус инфекциясынан дарыланып бүткөндөн кийин, тагыраагы, эки жумадан соң ал башкаларга жугушу мүмкүн эмес", — деди Сооронбаев.

Бейтапты дарылайм деп... Дагы 10 ак халатчан вирус жуктуруп алды

Бирок өпкө дарыгери айрым бейтаптарда симптомдор бир нече айга чейин сакталышы мүмкүндүгүн айтты. Аны кээ бирөөлөр оорудан айыкпай калдым же оору кайра жукту деп ойлошот.

"Коронавирустан кийин ден соолуктун толук калыбына келиши бир топ убакытты алат. Бат чарчоо, алсыздык, дем алуунун оорлогону сезилет. Ички органдарда өзгөрүүлөр байкалат, бөтөнчө өпкөнүн кан-тамырлары, ткандары көптө өзүнө келет. Мындай убакта адам өзүн жакшы караш керек, же болбосо абалы кыйындаса Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна же тармактык адистерге кайрылышы шарт", — деди адис.

Ошондой эле профессор элди ар кайсы кеңешти угуп, өз алдынча дарыланбоого чакырды.

16
Белгилер:
оору, пульмонолог, өпкө, коронавирус, Талант Сооронбаев
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Пульмонолог: КРде COVID-19ду дарылоого плазма колдонулбайт
Хирург операция учурунда. Архив

Дарыгерлер уйкусурай берген баланын башынан ок табышты

46
(жаңыланган 12:17 08.08.2020)
Баарынын жүрөгүн түшүргөн компьютердик томографиянын жыйынтыгы — баланын башында ок бар экенин көрсөттү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чыгыш Иерусалимде медиктер тогуз жашар баланын башынан ок табышты, анын ата-энеси баласынын дайыма уйкусурап жүрөрүн айтып даттанышканын The Daily Mail жазды.

Баласынын жүрүм-турумуна кабатырланган ата-эне дарыгерлерге кайрылышкан. Алар тогуз жашар баласынын дайыма уйкусурап, шалдырап жүргөнүн байкашкан. Дарыгерлер медициналык кароодо палестиналык өспүрүмдүн башынын арт жагынан карттанып калган анча чоң эмес жараатты көрүшкөн.

АКШда телекөрүүчү алып баруучунун ракка кабылганын аныктоого жардам берген

Компьютердик томографиянын жыйынтыгы менен баланын башында ок бар экендиги баарынын жүрөгүн түшүрдү. Дарыгерлер алгач анын башындагы жараатты достору менен ойноп жүрүп кокустатып алган го деп ойлошкон.

Бейтап дароо операцияга киргизилген. Ийгиликтүү өткөн операциядан кийин бала акырындан өзүнө келүүдө. Нейрохирургдардын бири белгилегендей, эгер ок бир аз башка жагынан киргенде бала каза болуп калмак.

Полиция аталган факт боюнча териштирүү иштерин баштады.

46
Белгилер:
баш, бала, дарыгер, Иерусалим
Тема боюнча
Британия: кош бойлуумун деп жүргөн аял өлүмгө жетелеген оорусун билди