ЕЭК министри Sputnik агенттигине ыраазычылык кат тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународно-выставочный форум "Евразийская неделя — 2019" в Бишкеке
Международно-выставочный форум Евразийская неделя — 2019 в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина интеграциялык процесстерди чагылдыруу атамекендик пресса үчүн абдан маанилүү болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Вероника Никишина Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Евразия жумалыгын мыкты чагылдырганы үчүн агенттиктин жетекчиси Елена Череменинага ыраазычылык кат тапшырды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина
ЕЭК министри Sputnik агенттигине ыраазычылык кат тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина

Череменина бул тема атамекендик пресса үчүн абдан маанилүү болгонун белгиледи.

"Эл Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу канчалык көп маалыматка ээ болсо, биримдикке байланышкан өзгөрүүлөр ошончолук тез жана жеңил өтөт. Биздин негизги максат — окурман жүрүп жаткан процесстерге ишениши үчүн аларга так маалымат жеткирүү", — деди Череменина.

Ыраазычылык каты "Мир" телеканалына, "24.kg", "Кабар" маалымат агенттиктерине, "Биринчи радиого" жана башка ЖМКларга берилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0