Күзүндө оорубаш үчүн эмне жеш керектиги айтылды

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер адам эртеден кечке бир орундан жылбай отуруп иштесе, ичкен-жегенине абдан маани берип, ден соолугуна кам көрүшү керек.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Күзүндө адам оорубаш үчүн биринчи кезекте жаңы бышкан жашылча менен жемиштерди көп жеши керек. Мындай пикирин Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы диетологу Виктор Тутельян билдиргенин "Известия" жазды.

Анын айтымында, витамин-минералдык заттарды көп ичүү керек. Андан сырткары, спорт менен такай машыгып, ашказанды кыйнап тамак ичпөө зарыл.

"Тамакты ар бир адам өзүнүн физиологиялык түзүлүшүнө жана короткон энергиясына ченеп жеши керек. Бул нерсе тамактануу илиминдеги биринчи мыйзам", — деди ал.

Тутельян эгер адам эртеден кечке бир орундан жылбай отуруп иштесе, ичкен-жегенине абдан маани бериши керектигин белгиледи. Мисалы, аялдар бир күндө 1800 килокалорий тамак жеши керек, ал эми эркектер 2000 килокалорийдин тегерегинде тамак ичүүсү керек. Нормадан ашырып ийгендер семире баштайт да түрдүү оору илешет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0