Эл эмне маселе менен президенттин тынчын алат. 8 айда келип түшкөн каттар

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун атына быйыл сегиз ай ичинде 10 126 кайрылуу келип түшкөн. Жарандар кайрылууларын кат түрүндө жана коомдук кабылдамалар аркылуу жазышкан.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы сегиз айда өлкө башчынын атына 10 126 кайрылуу келип түшкөнүн билдирди.

Ага ылайык, жазуу жүзүндө (электрондук кайрылууларды эске алганда) 7 726, коомдук кабылдамалар аркылуу 1 190 жаран кайрылган. Андан сырткары, "Ишеним телефондору" жана кызматтык телефондору аркылуу 693 жаран арыз-муңун айткан.

Акча алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аткаминер акча сурап жатабы? Кайрылчу номерлер
Кайрылууларды облустарга бөлүп карай келгенде эң көбү Бишкек шаарына (3000 кайрылуу) туура келет. Андан кийин Чүй облусу (1267), Жалал-Абад облусу (959), Ысык-Көл (549), Ош облусу (547), Ош шаары (402), Нарын (298), Баткен (385), Талас облусу (138) турат. Андан сырткары, КМШ мамлекеттеринен 181 жаран кайрылган.

Көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү. Бул боюнча 3 375 кайрылуу келип түшкөн, бул жалпы кайрылуулардын 43,7 пайызын түзөт.

Ошондой эле жарандар мамлекеттик сыйлык, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча да кайрылышкан. Андан сырткары, коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук, тышкы саясат маселелери боюнча 240 кат түшкөн.

"Талдоо көрсөткөндөй, президенттин жана анын аппаратынын атына келип түшкөн кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү жергиликтүү бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана мамлекет башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт. Бирок каттардын көп болушу жергиликтүү бийликтин иши канааттандырарлык болбой, эл аргасыздан мамлекет башчысына кайрылып жаткандыгын көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2019-жылдын сегиз айында кайрылуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 8,8 пайызга азайган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0