Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов. Архив

Акыйкатчы: кийинки муунга эки чоң көйгөй калтырганы калдык

115
(жаңыланган 14:33 27.09.2019)
Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Евразия жумалыгында сөз сүйлөп, кийинки үч миң жылдыкта күтүлгөн кыйынчылыктарга токтолду.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Евразиялык интеграция жаштарга азыркы муун калтырып кеткен көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Евразия жумалыгында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы муун жаштарга экологиялык катастрофа жана атомдук согушту шарттай турган согуштук-саясий окуяларды мурастоодо. Бул маселелерди чечүү үчүн Мамытов жаштарга үчүнчү миң жылдыктын идеологиясы менен саясатын иштеп чыгууну сунуштады. Акыйкатчы мындай кадам бир топ натыйжалуу болорун, анткени адамзат эки миң жылдыктын идеологиясы менен философиясын иштеп чыгып өнүккөнүн белгиледи.

"Саясатчылардын азыркы мууну маселелерди интеграция аркылуу чечүүгө аракет кылды. Бирок Советтер Союзу сыяктуу интеграциялык процесс аягына чыкпайт өңдүү. Республикаларда бири-бирине карама-каршы пикирлер калды, өнүгүүсү да ар кыл деңгээлде, ар кимдин өзүнүн кызыкчылыгы бар. Бирок баары бир интеграциялык процесстерге умтулуу зарыл. Евразиялык интеграциянын келечеги кең экенине ишенем", — деди Мамытов.

Акыйкатчы ЕАЭБдин жер жүзүндө орду чоң экенин айтып, дээрлик дүйнөнү камтыганын белгиледи. Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калуу керек.

"Элибиз бар, ресурс, территория, элитабыз бар. Жаңы цивилизация түзүүгө кудуретибиз жетет. Бирок бул маселелерди чечип жатып, мыйзамдуулук жана адам укугу жөнүндө унутпашыбыз керек", — деди акыйкатчы.

Белгилей кетсек, мамлекеттик резиденцияда "Евразия жумалыгы-2019" өтүп жатат. Иш-чара биримдикке мүчө мамлекеттердин борбор калааларында 2016-жылдан бери уюштурулуп келет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
115
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, интеграция, муунтуу, көйгөй, акыйкатчы, Токон Мамытов
Тема:
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)
Тема боюнча
Ишкер инвестор издеп жатканда эмнеге басым жасоо керектигин эксперт айтып берди
ЕЭК министри техрегламенттин ишке киришинин создукканына нааразы болду
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт

Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу

27
Украина лидери муз аянтчанын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан учурда катуу үн чыккан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполь шаарындагы Mariupol Ice Center муз аянтынын ачылыш салтанатында катуу чыккан үндөн чочуп кетти.

Окуянын видеосун "Страна.ua" Telegram-каналы жарыялады.

Окуя муз аянтчанын ачуу салтанаты бүткөндөн кийин болду. Расмий иш-чара аяктагандан соң "Мариуполь" менен "Сокол" (Киев) хоккей командаларынын беттеши башталган. Бул учурда украина лидери муз аянтынын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан.

Видеодо көрүнүп тургандай, президент сүйлөп жатканда күтүүсүз жерден катуу үн чыккан. Зеленский чочуп кетип, кулагын жаап калганы көрүнүп турат. Ал учурда анын жанына дароо жан сакчы келе калган.

"Баары жайында, баары жайында", — деген Зеленский.

Президент андан ары тамашага салып жыйында жалаң баатыр жүрөктүү спортчулар отурганын айтып сөзүн улаган.

Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео

Зеленский техникалык себептерден улам жолугушууну үн күчөткүчсүз эле улантууну сунуштаган.

27
Белгилер:
үн, Украина, Владимир Зеленский
Тема боюнча
Рада депутаты: Украинада Зеленскийди тактан кулатууга даярдык жүрүп жатат
Жооп берип каласыз! Кадыров Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери

ИИМ БШКны кандай негизде тинтип, текшерип жатканын түшүндүрүп берди

34
(жаңыланган 16:53 24.10.2020)
ИИМ БШКнын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө кийлигишпей турганын жана ага укугу жок экенин эскертти.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык документтерин алууга уруксат берген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому бар. Азыркы учурда документ күчүнө кирип, аны аткаруу милдети ИИМге жүктөлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги БШКны эмненин негизинде тинтүүгө алганын түшүндүрүп жатып айтты.

Эскерте кетсек, түшкө маал БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатканы кабарланган. Буга комиссиянын кызматкерлери нааразычылыгын билдирген болчу.

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи

Билдирүүдө ИИМдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 331-беренесинин ("Шалаакылык") негизинде сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатканы белгиленет. Министрликтин айтымында, материалды Башкы прокуратура 2020-жылдын 8-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин бирдиктүү реестрине каттаган.

"Кыргызстандын "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамында жарандар өздөрүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга, мыйзамдардын талаптарын катуу сактоо менен шайлоого катышууга укуктуу экени жазылган. Бирок шайлоону даярдоодо жана өткөрүү учурунда бир топ мыйзам бузуулар аныкталган. Муну маалымат ресурстарындагы жаңылыктар, укук коргоо органдарынын бирдиктүү реестрине каттаган материалдар тастыктайт. Шайлоо мыйзамдарын бузуу массалык башаламандыкка алып келип, масштабдуу каршылык акциясы өткөн. ИИМ өз ишин мыйзамды сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде гана иш алып барып жаткандыгын билдирет. Жогорудагы тергөө амалдары Жазык кодексинин жобосуна ылайык жүргүзүлүүдө. БШКнын бардык тиешелүү документтерин алууга уруксат берген Биринчи май райондук сотунун токтому бар. Азыркы учурда токтом күчүнө кирип, аны аткаруу милдети жүктөлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш аталган комиссиянын 5-октябрга чейинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени кошумчаланды.

Мындан тышкары, ИИМ Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт жана укугу жок экенин эскертти.

34
Белгилер:
акция, шайлоо, комиссия, Башкы прокуратура, мыйзам, ИИМ, БШК
Тема боюнча
БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архивдик сүрөт

Медведев пандемия маалындагы мамлекеттердин башкы милдети тууралуу айтты

0
(жаңыланган 17:08 24.10.2020)
Эпидемия саясий эркиндиктер адамдын өмүрүн өзүнөн-өзү эле коргоп жибербестигин көрсөттү. Ал үчүн майнаптуу жана элдин бардыгы колу жетип, дарылана ала тургандай медициналык система керек.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам жаралган кырдаал — экономиканын төмөндөшү бардык мамлекеттерди баалуулуктарды кайрадан карап чыгып, алдыңкы орунга адам ден соолугун, жашоосун, укугун коргоону коюу зарылдыгын көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында айткан.

"Глобалдуу пандемиядан келип чыккан учурдагы экономикалык төмөндөө адамдардын татыктуу жашоосуна мамлекеттердин кепилдик берип, камсыздоосун кароого мажбур кылууда. Алар биринчи орунга адамдардын ден соолугун, жашоосун, укугун коргоо милдетин коюп, баалуулуктарды кайрадан карап чыгуусу зарыл", — деген Медведев.

Медведев БУУда "өзөктүк бештиктин" жеке саммитин өткөрүүнү сунуштады

Ал планетаны каптаган оору адамзаттын баарынын башына бирдей түшкөндүгүн айткан.

"COVID-19 эпидемиясы саясий эркиндиктер адамдын өмүрүн өзүнөн-өзү эле коргоп жибербестигин көрсөттү. Ал үчүн майнаптуу жана элдин бардыгы колу жетип, дарылана ала тургандай медициналык система менен социалдык коргоо керек. Санитардык коопсуздукту камсыздай алган мамлекеттик жалпы программалар жана бардык деңгээлдеги бийликтин иши так жөндөлүп турушу зарыл", — деп кошумчалаган Медведев.

Анын пикиринде, экономикасын мобилизация жасай алуучу дал ошол күчтүү мамлекеттер менен пандемияга каршы иштеген саясий институттар тумоонун кесепети менен натыйжалуу күрөшүп, миллиондогон өмүрлөрдү сактап калды.

БУУ пандемия учурунда байыган миллиардерлерди элге жардам берүүгө чакырды

"Цивилизациялуу элдин атынан түптөлгөн БУУ 1940-жылдын аягында 1950-жылдары пайда болгон, бул сыяктуу башка эл аралык уюмдарга Дүйнөлүк экинчи согуш сыяктуу алааматтардын кайталанышына жол бербөө чакырыгы ташталган. Алар көптөрдүн жүрөгүн үшүткөн геноцид, аскердик кылмыш, адам баласынын укугу менен эркиндигин тепсөө, кишилерди мазактоо, басынтуу эле. Бул максатка жетүү үчүн ири алдыда мамлекеттин социалдык өнүгүүгө киришүүсүн чектөө, жеке эркиндиктин абсолютташтырылышы, коомдук кызыкчылыгына таасирин тийгизүү менен субъективдүү укуктардын үзгүлтүксүз кеңейип турушу болгон. Бир эле учурда улуттук мамлекеттерге "позитивдүү милдеттер" алкагында бир топ милдеттер конкреттүү бир адамдын укугун бузуудан алыс болуу максатында эле жүктөлбөстөн, аны менен камсыздоону, мамлекеттик "туура" башкарууга кепилдик берүүнү сактап турат", — деген Медведев.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын макаласын толугу менен RT телеканалынын таап, таанышууга болот.

0
Белгилер:
милдет, мамлекет, пандемия, Дмитрий Медведев, БУУ, СССР, Россия
Тема боюнча
Путин ДССУнун потенциалын жакшылап бекемдөөгө чакырды