Жогорку соттун төрайымы алдыдагы төрт жылда жасалчу иштерди айтты

Жазылуу
Гүлбара Калиева "2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын негизги багыттары жана ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берди.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кабыл алганын мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков сот-укуктук реформаны ишке ашырууда, коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө сот органдарынын ролу өзгөчө экендигин белгиледи. Андан сырткары, калктын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө, аброюн жакшыртуу жана коомчулук менен байланышты жөнгө салуу керектигин айтты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл эмне маселе менен президенттин тынчын алат. 8 айда келип түшкөн каттар
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева "2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын негизги багыттары жана ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берди.

Ал программа биринчи кезекте өз алдынча жана көз карандысыз сот бийлигин түзүү, жарандардын укуктары жана эркиндиктерин сотто коргоо кепилдигин камсыздоо, адилеттүү соттун жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Жолугушууда судьялар курамын окутуу жана ар дайым кесиптик квалификациясын жогорулатуу, алардын ишмердигинин натыйжалуулугу жана ачыктыгын камсыз кылуу тууралуу сөз болду. Ошондой эле сот коллегияларынын курамын максаттуу бөлүштүрүү жана сот органдарынын материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жакшыртуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0